Печать
Категория: Коом
Просмотров: 284

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Айбек Маткеримов бакыбат жашаган үй-бүлөлөр жөлөкпул алып жатышканын, ошол эле убакта аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилбей жатканын айтты. 

"Айылдарга барганымда кимдер жөлөкпул алышаарын сурайм. Аны берүү коррупцияга айланып кетиптир. Эки айлык жөлөкпулдун өлчөмүндөгү акча пара бермейинче тийиштүү документтерди даярдашпайт экен. Айласы жок эл сураган акчасын беришет, эптеп жөлөкпул алуучулардын тизмесине илинип калалы деп. А жакшы жашаган үй-бүлөлөр тааныштарын салып алып алышат экен. Элдин ишеними коррупцияланышкан аткаминерлердин айынан кетип жатат", - деди Айбек Маткеримов. 

Эмгек жана социалдык камсыздандыруу министри Кудайберген Базарбаев чынында эле жакшы жашаган үй-бүлөлөр жөлөкпул алып жатышканын, андай фактылар бардыгын моюнуна алып, бул боюнча иш чаралар жүрүп жатканын белгиледи.