Печать
Категория: Коом
Просмотров: 129

КР УКМК аткезчилик фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлгөн иш-чаралардын алкагында, үстүбүздөгү жылдын 26-июнунда “Чоң-Капка унаа жол” контролдук өткөрүү пунктунда дары-дармектерди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылуу учурунда КР “А.Б.А.” аттуу жаранынын башкаруусунда “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. 

Маалыматка караганда, унааны текшерүү учурунда, үй буюмдарынын астына катылган 28 даана кутуча дары-дармектер табылган. Ошол эле учурда бул товардын түрүнө тиешелүү документтери жок болуп, дары-дармектерди ташуудагы милдеттүү шарттар аткарылган эмес.

Азыркы учурда бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар адамдарды жана милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөй коюу түрүндөгү зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.