Ушул жылдын жаз айларынан баштап Кыргызстандын ар кайсы аймактарында сел жүрдү. Анын баары өлкөгө 174 миллион сомдон ашуун зыян келтирди. Бул тууралуу ӨКМ министринин орун басары Эделбек Кулматов билдирди.
Айтымында, сел жалпысынан 2,5 миңден ашык үйдү каптаган. 649 үйдү суу каптап, анын ичинен 61 үй жашоого жараксыз болуп калган, 100 үй капиталдык оңдоого муктаж.
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында, Талас жана Чүй облустарынын айылдарындагы селдер келдирген чыгымдар статистикага азырынча киргизиле элек.
«Быйыл мурунку жылдарга салыштырмалуу жаан-чачын көп болду, табигый кырсыктар бир жарым, эки эсеге көп катталды. Ошондуктан туристтик сезон 10-15 күнгө кечигип башталды», — деди министрдин орун басары.