Жогорку Кеңеш тарабынан казинону мыйзамдаштырууга багытталган мыйзам долбоору кабыл алынды. Эми президент кол койсо кумар оюндары Кыргызстанда мыйзамдуу иштей баштайт. Бирок ага кыргызстандыктар киргизилбейт. Казино чет өлкөлүк оюнчуларга арналган. Бул өлкө жарандарынын коопсуздугун сактоо менен катар экономиканы көтөрүүгө жасалган аракет.
Мыйзам долбоору коомчулукта кайчы пикирлерди жаратууда. Ош шаарынын тургуну, кесиби боюнча юрист Дастан Мурзалиев соцтармактагы баракчасына төмөнкүдөй пикирин жарыялады:
- Калыс ой... Казинонун ачылышына каршы болгондон мурун:
- аракты эч ким ичпей койсо, ким сатат?
- картаны ойнобой койсо, кумар токтойт;
- сойкуканаларга эч ким барбаса, жабылат;
- ата-энени караса, карылар үйлөрү жок болот;
- зына кылбай койсо, аборт, күнөө болбойт;
Мына ушундай толгон- токой арам иштерди токтоткула да.
Баарыңар шариатта жашап, убагында бүт жогоруда эле айтылган бир нече көрүнүштөргө күйүп-бышып, активдүү болгонсуп жаныңар күйөт да. Каршы болгон депутаттардын баары эмес, бир - экиси гана динден кабары болбосо, калганы - кечирип кой. Алар элдин аң сезими менен ойношуп жаткандай.
Туура, казино, кумар көбүн какшатты, бирок "кир, ойно, утул, мүлкүңдү, байлыгыңды коюп, башыңды жеп ал" деп ким мажбурлап атыптыр? Чындык менен ойлонбойлубу! Бюджет казино менен эле арам болуп толуп калса, калган арам пайда менен толтуруу процессине эмне дейсиздер?
Кыргыз жарандарына кирүүгө тыюу салынаары таамай айтылып жатпайбы!
Көп эле кээ бирөөлөргө жакпай акылдуу болуп жатсам, айланып өтө бергиле!
Биз талашканыбыз менен пайда жок! Туура түшүнүү менен карайлы...