Коомдук ишмер Ахунбай Кошоев УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тууралуу пикирин билдирди:
- Азыр бир нерсе болсо эле Камчыбек Ташиевди тосмону аттап кеткенсиң деп, бетине кармап жатышат. Аны ким аттайт? Митаам бирөөнү алып барып, "кел, тосмону аттайлы", - десе, ал эч убакта аттамак эмес. Камчыбек Ташиев болсо алабарман, кадимки Манас атабыздын барбалаңдаган чоң жиндилиги көкүрөгүндө бар жигит. Ооба, кээде бир аз кемчиликтерди кетирип жатат, бирок эч нерсе болбойт, ошентип үйрөнөт. Чапаев да, Ленин да ошентип жаңылган. Ташиев "сөөмөйүңдү сындырам" дептир, а Ленин "баарын атыш керек, күнөөсү барбы, жокпу асыш керек" деген. Ташиевдин жүрөгү таза, дилинде жакшы ою бар. Болбосо минтип жаман көрүнбөй, Мадумаровго деле "сен жакшысың", - деп алдап койсо болмок. Бирок андай мүнөз Ташиевде жок. Анын эч нерседен коркпогон, жигиттик "характери" бар. Кыргыздын мүнөзү ушундай. Орой, кескин сүйлөйт. Бирок жүрөгү таза болуп, түпкүлүгү түз болуп кетсе болду.