Печать
Категория: Коом
Просмотров: 86

24-июнда АКШ элчилигинин Аймактык коопсуздук кызматкери Эрик Олеруд Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ), Мамлекеттик чек ара кызматынын (МЧК) жана Башкы прокуратуранын (БП) кызматкерлерин АКШнын Мамлекеттик департаментинин Терроризмге каршы күрөштө жардам көрсөтүү (АТА) программасынын “Иликтөө маалыматын башкаруу” курсун ийгиликтүү аяктагандыгы менен куттуктады.

24 офицер он күн бою дасыккан инструкторлор менен бирге болуп, маалыматтык жана оперативдүү коопсуздукту камсыздоо, укук коргоо органдарынын чалгындоо жана маалыматтын таркатылышын көзөмөлдөө жана ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мыкты ыкмаларды үйрөнүштү.

Катышуучулар адам укуктарына негизделген коомчулукту кызматташтыкка тартуу жолу, алардын мекемелеринин терроризмге каршы күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө кандай салым кошоорун талдап чыгышты.

Мындан тышкары, катышуучулар укук коргоо органдарынын чалгындоосунда кибер чалгындоону (социалдык медиа, смартфондор, СМС-алмашуу, электрондук каттар жана глобалдык позициялоо тутумдары (GPS), интеллектуалдык полиция жана маалыматтарды талдоо сыяктуу жаңы пайда болгон маселелерди кылдат изилдешти.

Курстун бүтүрүүчүлөрүнө кайрылып, Олеруд-мырза террордук чабуулдарды алдын алууда укук коргоо органдарынын чалгындоо кызматынын маанилүүлүгү жөнүндө сөз сүйлөп, 16-июнда АКШ жетектеген “Ислам Мамлекетине” каршы коалициянын операциясы, ИМдин жогору даражалуу лидери Хани Ахмед ал-Курди Сириянын Алеппо шаарында колго түшүрүлгөнүн билдирип, жана АКШнын Борбордук командачылыгынын командачысы генерал Эрик Курилланын жакында болгон сапары, ал АКШнын Кыргызстандын эгемендүүлүгүн жана 30 жылдык өнөктөштүгүбүздү колдоодо бекем тураарын дагы бир ирет кайталады.

Семинардын тогуз катышуучусу Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан келген кесиптештери менен бирге окуу үчүн алты облустан Бишкекке келген. Семинардын катышуучулары, АКШдан да Кыргыз республикасынан келгендери да, терроризмге каршы күрөштө жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо жаатында мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишеним билдиришти.

Тергөө маалыматын башкаруу боюнча тренингдин бул сессиясы өлкөдө 2022-жылдын июлуна чейин пландаштырылган алты курстун бири.

1983-жылы түзүлгөн, Мамлекеттик департаменттин антитеррордук жардам (ATA) долбоору АКШ өкмөтүнүн чет өлкөлүк укук коргоо органдары үчүн терроризмге каршы окутуу жана жабдууларды камсыздоочу эң башкы демөөрчү болуп саналат. АТАнын бардык жардамдары адам укуктарын урматтоого көмөктөшүүчү мыйзам үстөмдүгүнүн алкагында берилет.

АТА каржылоо менен саясий багытты АКШнын Мамлекеттик департаментинин Терроризмге каршы бюросунан алат жана Дипломатиялык коопсуздук кызматы (DSS) тарабынан башкарылат.