Печать
Категория: Коом
Просмотров: 103

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын футбол боюнча тандалма командасынын  мүчөлөрү менен жолукканда августта Бишкекте заманбап жаңы стадион курула баштай турганын билдирди. Айтымда, анын сыйымдуулугу 22,5 миң орундуу, архитектуралык  көрүнүшү батыштагылардыкынан калышпай тургандай болот экен.

Ал стадион эң кеминде 50-60 миң орунга эсептелсе, андан жакшы болмок. Анткени, борбор калаанын калкы 1 миллиондон эбак ашкан, жакынкы 20 жылдын ичинде, буйруса, 2 миллионго жетет. Факты жүзүндө азыр деле Бишкекте ошончо адам жашайт, бирок көпчүлүк тургундардын жашап, иштеген жери Бишкек болгон менен эсеби жер-жерлерде болгондуктан алар расмий эсепке кошулбай келатышат. Ооба, курганга, бүтүргөнгө не жетсин, бирок Кыргызстандын андай ири обьектилерге каржылык мүмкүнчүлүгү жетеби? Маселенин баары ушунда турат.

Курманбек Бакиевдин убагында Камбар-Ата-2  ГЭСинин курулушу башталса, аны “временшиктер” кетиргенден кийин негизинен ошол бойдон калды. Улуттук банктын жаңы имаратынын чатырчасы Акаевдин убагында жабылды эле, ал да бүтпөй ошол бойдон турат. Жакында Министрлер Кабинетинин төрагасы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун баштап келди. “Асман” долбоору аябай жараналанды эле, ал азырынча асман менен жердин ортосунда асылган бойдон турат. Президент келерки жылы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу башталарын да айткан. Ал жыйырма жылдан бери айтылып келатат, дагы канча жыл айтылат, аны бир Кудайдын өзү билет, Кытайга азырынча автоунаалар, учактар менен каттап турса деле болот, бирок кыш катуу келсе, электр энергиясынын азабы элди кыйнаары айныксыз чындык. Өткөн сезондо жарытылуу кыш деле болбоду, бирок энергетиктер жарандардын 3 фазалуу зымдарынын жарымын кыркса, жарымын пломбалап жатып кыштан араң чыктык.

Биздин оюбузча, мамлекет башчысы, Өкмөт азыркыдай катаал шартта баарын баштап, анан каражат жок деп таштай бербестен артыкчылыктуу долбоорлорду, обьектилерди гана  тандап алып, өлкөнүн бүткүл мүмкүнчүлүгүн ГЭСти, Улуттук банктын имаратындай көбү бүтүп, азы калгандардын курулуштарын  аягына чыгарууга жумшаса, эң туура болот эле. Заманбап стадиондун наркы да кеминде миллиард долларды чапчыйт болуш керек. Аны футболду жакшы көргөн А.Салымбеков, Ш.Абдыкеримов сыяктуу күркүлдөр  биригип, менчик стадион катары курушса, кийин анын инфратүзүмдөрүн өнүктүргөнгө, ар кандай оюн-зоокторду өткөрүп, пайда тапканга да жакшы болот эле. Анткени, чет өлкөлөрдөгү стадиондордун баары клубдардыкы, аларга мамлекеттин тиешеси жок. Эгерде биздин күркүлдөр  каалабаса же мүкүнчүлүктөрү жетпесе, энергетикалык көз карандысыздыкты  камсыз кылгыдай ГЭСтер курулуп бүткүчө, стадион жөнүндө сөз козгобой турган оң. Элге бир жылда 2-3 жолу пайдаланылса, калган убактарда аңгырап бош турган стадионго караганда жарык, жылуулук  жүз эсе маанилүү экендиги талашсыз. Эгерде каржы ашып-ташып турса, Өкмөт Бишкекте метро курууну демилгелеп чыкса кандай сүйүнмөкпүз, транспорт маселеси чындыгында жылдан жылга оорлоп баратат, бирок  бюджеттин чамасы өтө эле чектелүү болуп, анын үстүнө туш тараптан каатчылык кысмактап келатканда, экинчи, үчүнчү пландагыларды коё туруп, эл үчүн өзгөчө зарылдарга артыкчылык берүү  зарыл.

Автандил Белеков, Булак: “Майдан. kg” гезити