Печать
Категория: Коом
Просмотров: 280

УКМКнын абагындагы эки өлүм боюнча иликтөөнү колго алган комиссия кечээ, 23-июнда тергөө абагына кезектеги жолу барды. Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун айтымында, комиссия мүчөлөрү материалдарды чогултуп жатышат. 

Ал бул оңой иш эместигин белгиледи. Учурда видеолорду карашып, абактагы айыпталуучулар жана кызматкерлер менен сүйлөшүшкөн. Анын баары маркумдардын жакындарынын катышуусунда болгон. 

"Өлүм фактысы боюнча иликтөө жүрүп жатат. Комиссия мүчөлөрүнүн иши үчүн бардык шарттар түзүлгөн, бардык маалыматтарды ала алабыз, кандай жашыруун болбосун бардык журналдарды, видеосьемкаларды көрүүгө уруксат беришти. Президент комиссия түзүп жатып, күнөөлүүлөр жазасын алышаарын айткан", - деди Эдил Байсалов. 

Ал комиссиянын жыйынтыгы чыккандан соң болуп өткөн окуяга баа берилээрин белгиледи. "Алдын ала жыйынтык чыгарууга болбойт", - деди ал. 

Эске салсак, президент Садыр Жапаров УКМКнын абагында кармалып турган чыккынчылыкка айыпталган саясат таануучу Марат Казакпаев менен "Айыл Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары коррупцияга айыпталган Бакыт Аманбаевдин өлүмү боюнча комиссия түзүүнү тапшырган.