Жогорку Кеңештин аппаратында штатты оптимизациялоо Эмгек кодексин бузуу менен өткөнүн депутат Камила Талиева парламент жыйынында билдирди.
"Көп кызматкерлерди иштен мыйзамсыз кетиришти. Мисалы, маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн эксперти Мурат Караев үй-бүлөсүн өзү жалгыз багат, парламентте 26 жыл иштеген. аны кетиришти. Дагы бир катар жалгыз бой энелер жумушсуз калышты. Кээ бирлерди пенсия курагына жашы келип калган деп кетиришти, бирок ошол эле курактагы айрымдар иштегенин улантып жатышат. Андай болсо баарын тегиз кетиргиле", - деди Талиева.
Ошондой эле, ал парламент аппараты начар иштеп жатканын белгиледи. Айтымында, аппараттын жетекчиси Алмазбек Сабырбековго бир нече жолу даттанган.
"Ал кызмат абалына туура келбейт. Регламентти эле карап көргүлө. Ар бир барагында 10 грамматикалык ката журөт. Бул дагы биздин сунуш жана сыныбыздан кийинки көрүнүш. Эгер аппараттын жетекчисинин маселесин карабасаңар, анда биз бул маселени спикердин деңгээлинде көтөрөбүз", - деди Камила Талиева.