Печать
Категория: Коом
Просмотров: 162

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, генерал Феликс Кулов кыз ала качууга байланыштуу күтүүсүз сунушун билдирди. Ал мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип, “кыз ала качкандарды мүлктөрүнүн бир бөлүгүн ала качуунун курмандыгы болгон кыздарга берүүгө милдеттендирүү керек”- дейт. Кыз жигиттин жубайы болуп калабы, жокпу, ага карабай мүлк берилиши зарыл. Генерал мындай милдеттендирүү кыз ала качуу көрүнүштөрүнө бөгөт коюп, кыз ала качууларды токтотот деген ишенимде.

Салтка, адам укуктарына каршы келген кылмыштык көрүнүштөрдү токтотуу үчүн сунуш айтканы жакшы. Бирок Феликс мырза Кыргызстанда ар кандай мыйзамдар, чектөөлөр, милдеттендирүүлөр иш жүзүндө иштебей каларын, ала качкан тарап менен кыз тарап өз ара сүйлөшүп алышып, андай милдеттендирүүлөрдөн айланып өтүп кетүүлөрү толук ыктымалдыгын, кыздарды алып качкан жигиттердин баарынын эле мүлктөрү бар эмес экенин билбей окшойт.

Албетте, өлкөдө башка көйгөйлөр калбай калгансып, Феликс Куловдун мындай популизм жыттанган  сунушту билдиргени бир чети таң калычтуу болсо, бир чети күлкүнү келтирбей койбойт. Мамлекетибизде маселелер жетишерлик го. Андан көрө ошолор боюнча көз караштарын айтып, чечүүнүн жолдорун, сунуштарын айтса, туура болмок беле…

 

Булак: “Майдан.kg” гезити