Жумушсуздук, айлык-акылардын аздыгы өлкөбүздөгү сыртка болгон миграциянын агымын күчөтүп жаткандыгы белгилүү. Кыргыздын буту баспаган өлкө калбады окшойт. Жакшы жашоо үчүн күрөш миллиондогон мекендештерибизди дүйнөнүн чар тарабына таратып салды.
Расмий маалымат боюнча, учурда 1 млн. 118 миң кыргызстандык эмгек миграцияда экен. Мындай маалыматты Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
Алардын 95 %ы, же 1 млн. 65 миң адам Россияда жашап, иштеп жүрүшсө, калгандары төмөнкү өлкөлөрдө:
Казакстан – 30 миң;
Түркия – 30 миң;
АКШ – 20 миң;
Европа өлкөлөрүндө – 10 миң;
Германия – 9 миң;
Италия – 6 миң;
Канада – 6 миң;
Корея – 6 миң;
Араб Эмираттарында – 6 миң кыргызстандык.
Булак: “Майдан.kg” гезити