Печать
Категория: Коом
Просмотров: 88

Өлкөбүздүн тарыхында алгачкы жолу жергиликтүү ишкер жигиттер жүргүнчүлөрдү ташуучу автобус чыгарышып, аны “Белес” деп аташкан болчу. Автобус кураштыруу менен алектенген алгачкы ишкана Чүй облусунда жайгашкан. SAE (АКШ) автоунаа инженерлери берген тастыктама өндүрүштү уюштурууга жана дүйнөлүк компаниялар менен кызматташууга жол ачкан. Мындан тышкары жакында Минск шаарынан да сыноодон ийгиликтүү өткөндүгү, эл аралык авторынокто сатууга уруксат берген сертификат да ыйгарылган.

Алгачкы 10 автобусту мамлекет сатып аларын быйыл 15-февралда компаниянын иши менен таанышканы барган учурда президент Садыр Жапаров билдирген жана бул транспорт каражаты жакшы болуп чыкса, келечекте ишкана менен туруктуу негизде кызматташуу мүмкүнчүлүгү карала турганын айткан.

Бирок ортодо түшүнбөстүк болдубу же башка себеби барбы, айтор айрым чиновниктерибиз алгач “Белестин” автобусу кымбат (250 миң доллар) дешсе, кайра туруп “трактор жасагандай ширетип (сварка) кылып эле кураштырып коёт экен...”,- дешип, ошол эле учурда кошуна өлкөлөрдөн ушундай эле суммада жүздөгөн автобустарды сатып алышарын билдиришкен болчу.

Өткөн жумада  Бишкек шаарынын мэриясы "Белес.kg" ишканасы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. Бул документке ылайык, автобустардын сапатын текшерүү үчүн газ кыймылдаткычы бар беш автобус сатып алууну көздөөдө. Демек, жакында бишкектиктер атамекендик өндүрүштөн чыгарылган автбус менен каттап калабыз. Эгер сыноодон ийгиликтүү өтсө, анда мэрия дагы бир нече автобусту сатып аларына үмүт артып туралы.

Айтор, кымбат болсо да акчабыз өзүбүздө калып, атамекендик өндүрүш өнүгөт эле.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити