Печать
Категория: Коом
Просмотров: 153

Бишкектеги 17 жашка чейинки балбандар арасындагы Азия чемпионатында Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы жалпы командалык көрсөткүчтө биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, күрөш боюнча 19-июнда башталган Азия чемпионатында жалпы 10 комплект медаль ойнотулду.

Кыргызстан жалпысын жети медаль алды:

1-орун - Жантөрө Мирзалиев (60 кг);

1-орун - Кутман Темирбеков (65 кг);

1-орун - Асан Жанышов (80 кг);

1-орун - Нурболот Сыргабай уулу (92 кг);

2-орун - Кубаныч Аринов (51 кг);

3-орун - Абдулахадходжа Абдуллаходжаев (55 кг);

3-орун - Жоомарт Аралов (71 кг).