Печать
Категория: Коом
Просмотров: 210

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы өлкө ичинде жүрө турган вагонду жаңылады. Аталган мекеме тараткан маалыматка караганда, модернизацияланган вагон жакынкы бир ай ичинде ишке берилет.

Анда вагондун дизайнын өзгөртпөстөн кузовду күчөтүү жүргүзүлгөн. Ошондой эле, вагондун бекемдигине жана коопсуздугуна сыноо өткөрүлдү.

Модернизациялоодо вагондун конструкциялык бөлүгү өзгөргөн жок. Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн терезе тешиктери чоңойтулуп, панорамалык терезелер орнотулду. Сапар учурунда бул Кыргызстандын жаратылышына көлөмдүү жана түркүн түстүү көрүнүш берет.

Сапардын ыңгайлуулугу үчүн кыш-жай абаны кондиционерлөө системалары орнотулган. Ошондой эле вагондо муздаткыч жана ичүүчү суу орнотулган. Жолдо жүрүүдө жүргүнчү жаңы толук экрандуу сыналгылардын стереосунун сапатын баалай алат.

Белгилей кетүүчү нерсе, вагонду модернизациялоо ишкананын күчү менен, тышкы инвестицияларды тартпастан жүргүзүлдү. 30 жылдан бери “Кыргыз темир жолу” жаңы жүргүнчү вагондорун алган эмес.