Печать
Категория: Коом
Просмотров: 378

Энени жана баланы коргоо Улуттук борборунун перинаталдык борборунун курулушу эмнеге ушул убакка чейин аяктабай жатканы тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов айтып берди. 

"Курулуштун аяктабай жатканына беш жыл болду. Эчак менен курулуп, ачылып, элге кызмат кыла турган имараттар өлкөдө ондоп саналат. Бирок ар кандай чечим чыгаары менен укук коргоо органдары эртеси келишет, ошондуктан аткаминерлер жоопкерчиликти өзүнө алып, чечим чыгаруудан коркушат.

Жаңылыктардан кайсы бир инвестор келиши керек, бул жерде шаар-бак болушу керек деп окуп калабыз. А иш жүзүндө эч нерсе болбойт. Эмнеге? Анткени, бизде баары өлкө үчүн жакшы нерсе жасагысы келет, бирок өзүнө эч ким жоопкерчилик алгысы келбейт. Эмнеге орто звенодогу жетекчилик жоопкерчиликтен качат? Анткени, каалаган милициянын лейтенанты келип, эмнеге розетканы 10 еврого сатып алдың, Дордойдон 10 сомго алсаң болот эле го деп сурайт. Анан ага баары түшүнүк кат жазып бергенге туура келет", - деди Эдил Байсалов.