- Чет өлкөлөрдө анын ичинен Түркияда эмгек миграцияда жүргөн кыргыз аялдардын дарегине ар кандай жазып жатышкан "айрым" мадыра баш, "эйкек" сөрөйлөргө...
Түркиянын Анталья шаарында 4 жарым жылдан бери "Кыргыз Айымдар" коомун негиздеп, кыргыз кыз-келиндер менен тыгыз иш алып барып келе жаткан жетекчи катары үн катып коеюн.
"Кыргыз кыздарыбыз бузулду, көпчүлүгү эле чет жакта жүрүшөт, анан дагы башка улуттарга тийип жатышат, проституткалар" деп жатышкандар...
Өзүңөр балакатка жетелек кыздарды зордуктап, өзүңдүн жаныңан, каныңан чыккан балаңдан кабар албай, аялдарыбыздын баштарына дөңгөлөк асып алып сабап, чынжыр байлап, атка сүйрөтүп күндө бир өнөрүңөрдү көргөзүп келе жатасыңар го, зөөкүрлөр.
Ушундай зордук - зомбулуктан, намыстан канча деген эже-сиңдилерибиз өлүп кетип жатышат. Күчүңөрдү дөңгөлөктөн, арактан, кызганычтан, кызыл камчыдан, уруп-сабоодон чыгарбай бала-чакаңарды, жубайыңарды барктап баксаңар аялзаты иштегени чет жакка чыкпайт эле го?!
Үйдө баатыр, жоодо жоктор!
Канча деген кыргыз аялдар сенин эжең, карындашың, Түркияда кыйналып идиш-аяк жууп, жаңы келгенде тил билишпей, эмне деген азаптарды көрүшүп, түрктөрдүн оорулуу кемпир чалдарын багып, балдарын багып, түн уйкусун берип күйөөлөрүнө акча салып жаткандар канча?!
Өзүңөр кыздарды жиберип коюп дароо эле "качан акча саласың,баланчанын кызы барып эле доллар салып жатат.
Түкүнчөнүн кызы үй алды, атасына машина алып берди" дейсиңер!
Ошол долларларды салып жаткан кыз кайдан, кантип акча таап жатканын сурабайсыңар! Акча салып турса жакшы...
"Кандай жайгашып алдың кызым, жаткан жериң кандай экен, кандай адамдар экен, эмне жеп эмне ичип жатасың" деп ата-энелер да сурабайт. "Акча сал акча сал" эле дешет! Иштеткени жибербей билим алсын деп жибербейсиңерби!
Аялыңа дөңгөлөк асып мактанбай, 2 бутуң, 2 колуң иштеп турса да чет өлкөдөн аялыңдан, карындашыңдан келген даяр акчаны алгандан намыстанбайсыңарбы, "эйкектер"...
Анан эле "кыргыз кыздар бузулду, Түркиядагылар проституткалар"... Бузулам деген кыз ата-энесинин жанынан деле бузулуп жатпайбы?! Мектепти бүтүп бүтпөй эмне болуп жатышат.
Кыргыз жигиттер башка улуттан аял алса, аны алкыштап азамат жигит экен " уй сааганды үйрөтүп" коюптур, "Ташмат, орус кыз алды эле "жоолук салып жүгүнгөндү" да үйрөтүп алыптыр" деп мактанып чыга каласыңар?!
Үйрөтүп кыйналбай эле ошол нерсенин майын чыгара жасаган кыргыз аялдардын эле баркына жетпейсиңерби?
Жаңылбаган адам барбы?
Ар бир аял бактылуу болууга укуктуу!