Печать
Категория: Коом
Просмотров: 260

"Газпром"  20-июндан 20-июлга чейин эскирген газ түтүктөрүнүн жабдуусун алмаштыраарын билдирди. Анын негизинде,  Осмонкул, Лев Толстой, Бейшеналиева, Малышева, Касымалы Баялинов, Журнальная жана Жибек Жолу проспектисинин айрым аймактарында жаратылыш газы өчүрүлөт. 

Бирок бир катар үйлөрдөгү газ 20-июнда эмес, кечээ, 19-июнда өчүрүлгөн. Анын себебин "Газпром" мындайча түшүндүрдү: 

"Газды өчүрүү учурунда технологиялык операция жасалат жана ал газдын атмосферага чыгышы менен шартталат. Аны адамдар жашаган аймакта жасоого болбойт. Ошондуктан, белгиленген райондордо газды жашоочулардын өзү жагып түгөтө турган механизм иштелип чыккан. Ким канча газ керектери белгисиз, ошондуктан айрым үйлөрдөгү газ айтылган убакыттан эрте өчүрүлдү. Компания келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт".