Печать
Категория: Коом
Просмотров: 230

Саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү жана "Айыл банк" ААК башкармасынын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин УКМКнын убактылуу тергөө абагында өзүнө кол салуу фактыларын бейтараптуу жана  объективдүү изилдөө үчүн  жумушчу комиссия түзүлдү. Бул тууралуу президенттик администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады. 

Комиссия президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен түзүлдү. Ал окуялардын жагдайларын ар тараптуу изилдеп, анын ишинин жыйынтыгы өлкөнүн жогорку жетекчилигине берилет.