"Айыл Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары, коррупция фактысы менен кармалган Бакыт Асанбаев УКМКнын тергөө абагында асынып алганы коомчулукту козутуп, баштагы эркин заманына кайтууну каалаган айрымдардын чырагына май тамызгандай болду. Алардын айдактоосу менен абактагы өлүмдүн айыпкери катары Камчыбек Ташиевди таап, анын кызматтан кетишин талап кылышкандар пайда болду. Мындай талап кылуу биринчи жолу эмес, буга чейин саясат талдоочу Марат Казакпаев көз жумганда да ушул сөздү кайталап чыгышкан.
Бакыт Асанбаев ушул жылдын 30-апрелинде Биринчи май райондук сотунун чечими менен коррупция боюнча ачылган кылмыш ишине айыпталуучу катары аталган абак жайына кармоого алынган. Бул убакка чейин ага жактоочусу эч кандай тоскоолдуксуз кирип турганы айтылган. Жуунучу жайы бир болгон эки камерада төрт айыпталуучу кармалып, берки үчөө башка камерага намаз окууга кеткен учурда Бакыт Асанбаев өзүнө кол салган. Бул кырсыкты эч ким алдын ала алган эмес. Абак кызматкерлери биринчи жардам көрсөтүп, Тез жардам кызматын чакырганы менен өзүнө келбей, үзүлгөн. Бул маалымат УКМКнын басма сөз кызматы тарабынан таратылды. Баары ачык-айкын айтылып жатса дагы, УКМКнын төрагасынын кылган иштерине кастыгын тиккен адамдар мүмкүнчүлүктү куру кетиришпеди.
Абакта жанын кыйгандардын мисалы толтура. Кыйноо, сабоо болбосо деле эркиндикте жүргөн адамга төрт дубалдын ортосуна камалып калышы өтө оор психологиялык сокку берээри анык. Аны эрки күчтүүлөр гана көтөрүп кете алат. Саясатчылардын, мурдагы аткаминерлердин коррупциялык жана башка жасаган кылмыштары боюнча мыйзам жоопкерчилигине тартылып, темир тор артына бараары менен ден соолугу улам начарлап, кайсы бир дартка кабылганы айтылып келет. Дайыма бардын үстүндө, бийликтин учунда жүргөндөргө абак катуу таасир берээри ушул да...
Ал эми УКМКнын төрагасы боюнча. Абакты төрага өзү көзөмөлдөшү керек беле? Ар бир айыпталуучунун шартын карап, өмүрүнө кол салып албасын деп аңдып отурабы? Кетсин дегенден чекебиз жылыган деле жок. Бирок ар бир жолу татыктуу иштеп баштаган адамдар кайсы бир бир ууч топ үчүн ыңгайсыздык жаратса, жалпы элдин кызыкчылыгы эмес, ошол бир ууч топтун кызыкчылыгы биринчи орунга чыгып "кетсин" деп айгайлай башташат. Ага себеп орундуубу же жокпу, айырмасы жок, тырмактай шылтоо болсо, аны теменедей кылышат.
Алар - коррупцияга малынгандар, артында кылмыштары чубалып жүргөндөр. Батыштын акчасына семирип, өз жерин жээригендер, кара жанынын гана камын ойлогондор.