Печать
Категория: Коом
Просмотров: 359

Россиялык russkie.org сайтына жарыяланган "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсүнүн билдирүүсүнө КР УКМК комментарий берди. 

"2022-жылдын 25-майында russkie.org сайтына "Донбасска гуманитардык жардам көп улуттарды бириктирди" деген макала жарыяланган. Анда "Бүтүн Кыргызстан" партиясы Донбасстын тургундарына гумжардам жеткиргени айтылат. Аны менен катар партиянын активдүү мүчөсү Динара Чолпонова: "Карапайым эл бизди - Кыргызстанды Путин өзүнө, Россияга кошуп алса го дешет. Анткени, орус президенти өз элине камкордук көрөт. А Россияда бир гана орустар эмес, сибирдик кыргыздар, якуттар, буряттар жана башка көптөгөн улуттун өкүлдөрү тынчтыкта, ынтымакта жашашат, анткени, бул жер алардын үйү", - деген.

Буга байланыштуу КР УКМК мындай билдирүүлөр Кыргызстандын бийлигинин расмий позициясына жана ага ылайык Кыргызстан элинин көз карашына толугу менен каршы келээрин билдирет.

Көз карандысыздык бир партиянын менчиги эмес, ал Кыргызстан элинин жетишкендиги!" - деп билдирет УКМК. 

Аны менен катар атайын кызмат саясий партиялардын жана уюмдардын айрым мүчөлөрүн мамлекеттин конституциялык түзүлүшүнө доо кетирүүчү чагымчыл билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырат