- Турсунбай мырза, Курманкул Зулушев башпрокурор катары кандай иштеп жатат?
- Курманкул иним кыска мөөнөт ичинде коррупция менен күрөшүүдө, мамлекеттик менчикти кайтарууда, мыйзамдуулукту орнотууда жакшы көрсөткүчтөргө ээ болду. Менин оюмча, ал Президент Садыр Жапаровдун ишенимин актап эле иштеп жатат. Албетте, жакшы иштегендин душмандары көп болот дегендей көрө албагандар, жактырбагандар жана жеке таарынычы барлар интригаларын күчөтүүдө. Бул маселеде ажобуз “мөмөлүү даракка гана таш ыргытылат” деген накыл кепти унутпаса эле болду. Эгер ажо, Жогорку Кеңеш башкы прокурорду колдоп турушса - мындан да чоң ийгиликтерге жетишет. Эң негизи, Курманкул иним эч качан бийликке жабышпаган, таза, өжөр, күчтүү кадрлардан!