Печать
Категория: Коом
Просмотров: 95

Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылындагы А.Масалиев атындагы орто мектебинин жаңы имараты курулуп бүттү.

Мектептин курулуш иштери 2021-жылдын 23-майында  Баткен шаарындагы «Аминь» ЖЧКсы тарабынан башталган. 275 орундуу мектептин тендерден женген сметалык баасы 75 млн 624 миң 58 сом. 

2021-жылдын декабрь айына чейин окуу имаратынын пайдубалы, дубалы, чатыры, монтаждоо, ички, сырткы сырдоолору бүтүп, полу кагылып, от казан үчүн фундамент иштери бүткөрүлгөн. Ички жылытуу системаларын орнотулуп, ашкананын полдоруна, окуу корпусунун коридорлоруна кафель төшөлдү.

Азыркы учурда спорт залдын ички дубалын шыбоо иштери жүрүп жатат. Бирок спорт залдын шыбы, терезелери орнотуу жана сырдоо иштери жүрө элек элек.

Учурда А.Масалиев атындагы орто мектебинде 866 окуучу билим алып, 52 мугалим эмгектенет.