Печать
Категория: Коом
Просмотров: 90
 

- Курманкул зулушев башпрокурор катары кандай иштеп жатат?

- Курманкул Зулушев башпрокурор катары жакшы иштеди. Аны  кызматынан туура эмес козгошту. Зулушевдей элдин ишеничин алган юрист чанда чыгат. 

Негизи  Зулушевдун  эки башы жок. Ал жөн жерден эле министрге тийишмек эмес. Кылмыштары башынан  ашып бараткан үчүн, Алымкадыр Бейшеналиевге кылмыш ишин козгоду. Адилет иликтөө болсо, баары ордуна келиши керек.  Бейшеналиев кылгандарына жооп бериши шарт. Анткени, анын таза экенине ишенип болбойт. Эгер, аны таза деп чыгарса, президентке чоң минус болот, коомчулукка коррупционерди коргогондой таасир калат.