Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1416

Экс-депутат, экс-чиновник Равшан Жээнбеков УКМКга суракка чакырылганын айтууда. Анын көз карашына таянсак, бул чакыруу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин коркутуусу, жалган фактыларга таянып жасалма кылмыш ишин козгоого аракеттенип жатканы. Буга чейин депутат Сеидбек Атамбаев аркылуу уулу Азат Равшан уулун атайын кызмат чет өлкөгө чыгарбай жатканын жар салган эле. Бирок УКМК ал маалыматты төгүндөп, Азат Равшан уулунун колу-жолу бош экенин, каалаган күнү каалаган жагына эркин чыгып кете алаарын билдирди. Ушундан улам Равшан Жээнбеков эмне эле алдын ала айгай салып, өзүнө саясий куугунтук жасалып жаткандай түр көрсөтүүгө жан талашып жатат деген суроо туулат. 

Равшан Жээнбековдун Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун жетектеп турган кыска убакыттын ичинде мамлекеттен сансыз байлыгын оңду-солду чачып, өз кызыкчылыгына пайдаланып жибергени коомчулукка маалым. Бул көп убакыттан бери айтылып жана жазылып келе жатат. Буга чейинки бийликтердин тушунда коррупцияга каршы реалдуу күрөш болбогонунан Жээнбеков суудан кургак чыгып, мамлекеттин байлыктарын аш кылууга үлгүргөн. Ал эми азыр башка заман. Коррупционерлер кимдигине, кайсы статусту карманганына карабай, мыйзам жоопкерчилигине тартылып, элден алгандарын эселетип кайтарып берип жатышат. Оңой оокатка туйтунган адам анысын жеңил-желпи кармата берүүнү каалабайт көрүнөт. Равшан Жээнбеков "кусууну" каалабай, ар кандай жол менен өзүн чыныгы оппозиционер көрсөтүп, ар бир ыңгайлуу учурдан пайдаланып катуурак кыйкырып алууну өнөкөткө айлантты. 

Жакында саясат талдоочу Марат Казакпаев каза болгон маалда, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына чуркап бара калып (ага чейин маркум Марат Казакпаев менен байланышы же ал абакка камалганда колдоосу болсо бир жөн эле) ошол мүмкүнчүлүктү да колдон чыгарбай, УКМК төрагасына акаарат айтууга жетишти. Саясат талдоочунун өлүмүн түз эле УКМК төрагасына байланыштырды. Ага жооп иретинде Камчыбек Ташиев "жалган маалыматтарды таратууга мыйзам чегинде жоопкерчилик бардыгын" эске салган эле. Эми аны Жээнбеков бекем карманып, УКМКга чакырылганын "оппозициялык ишмердүүлүгүнө" төңкөрүп жатат. 

А өзү буга чейин кандай кылмыштарды жасаганын унутуп калдыбы? Мамлекеттин байлыгын атасынан калган мурастай пайдаланып, көр дүйнөгө короосун толтурганы ал үчүн мыйзам ченемдүү нерсеби? УКМК чакырса барып көрүп, чыныгы иш ачыкталгандан кийин деле жар салууга үлгүрөт болчу. 

Кылмыштарын билгени үчүн дайыма "мен түрмөгө отурууга даярмын" деп келет. Бирок ошондо да эл көзүнө апакай бойдон калуу үчүнбү же саясий куугунтук менен кетсе келээр жери "бийиктик" болуп калаарынан үмүтү барбы, айтор, "чындыкты" катуу айтып баштады. Артында толтура кылмышы менен кылымга жетер калпы бар адам чындыктын эмне экенин деле билбесе керек.