КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгү (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында атайын иликтөө иш чаралар жүргүзүлгөн. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматка караганда, иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кадамжай районунун тургуну Э.Р.Б. кармалып, жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.
Көрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 222ден ашуун (5,45, 7,63), ар кандай калибрдеги ок-дарылар, 3 даана ок атуучу курал, 1 даана Ф-1 гранатасы, 230 даана ок, АК-74 магазини, мылтык үнүн баскычы табылып алынды.
Азыркы учурда Э.Р.Б. Кадамжай районунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү процессуалдык иш-аракеттер көрүлүүдө.