Печать
Категория: Коом
Просмотров: 184

Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев менен маек.

- Каныбек агай, Президенттин мектептерге диндин тарыхынан сабак киргизүү боюнча Жарлыгы чыккан. Бирок, коомчулукта бул жарлык боюнча түрдүү   пикирлер айтылууда. Бул Жарлыкты колдойсузбу же каршысызбы?

- Мен бул Жарлыкты активдүү колдойм.  Анткени, аталган маселени мен 2009-жылы эле Дин комиссиясынын төрагасы катары ошол кездеги Коопсуздук Кеңешине сунуш кылып кийирген болчумун. Аны "Дүйнөлүк диндердин тарыхы жана маданияты" деп атаганбыз. Бирок, ошол кездеги "дөөпөрөздөр" түшүнбөй коюшкан. Ал турсун ошол кездеги Билим берүү министринин алдындагы Билим берүү академиясынын бир жагымпоз шүдүңгүтү мени катуу сындап чыккан. Эми ошол эле эргул бүгүн баарыбыздан катуу кыйкырып идеяны колдомуш болуп жүрөт.

Ачыгын айталычы. Бул маселени бизден башка өлкөлөр эбак эле бир жаңсыл кылып чечип коюшкан. Мисалы, Өзбекстан, Россия, Тажикстан, жана Казакстан. Европа менен Азияны айтпай эле коёюн. Аларда диндердин тарыхы менен маданияты укмуш зор деңгээлде окутулат. Мектептерге  "чала-молдо дин бузарларды" жакындатпаш керек. Муфтият менен Дин агенттигинин азыркыдай агрессивдүү саясаттарына жол берип койсок, анда, орто мектептер тез эле чала-сабат окуулардын борборлоруна айланышат дагы, кыргыз коому тез эле айыгышкан жаатташууга малынып калат.

Ооба, президенттин Жарлыгында бул предметти кандай адамдар окута турганы жалпы түрүндө жазылып кетиптир!  Бирок, аны Билим берүү министрлиги катуу тескей алабы? Же кечээ алардын башчылары айтышты го. "Окуучуга тарбияны мектеп бербейт, ата-эне берет!"-деп! Бул жоопкерчиликтен качуу же болбосо элге болгон чыккынчылык!  Эми ушундай эле дөөпөрөстүк менен динди дагы мектепке жайылтып жиберишпейби, министрликтин "кайберендери"? Мен ушундан чочулап, коркуп турам!

- Президеттин мектептерге диндин тарыхынан сабак берүү Жарлыгын зарылчылыктан чыгардыбы же аргасызданбы?

- Бул Жарлык зарылчылыктан чыкты. Биздин коомубуз динге өтө эле бейбаш түрдө малынып алды. Айрыкча жаштарыбыз. Дин десе эле исламды айта беребиз.  Ооба, бизде ислам дин басымдуулук кылат. Бирок, андан сырткары Кыргызстанда христиан диндеринин бардык секталары, буддизмдин түрдүү тармактары, Иудаизм адептери, синкретикалык агымдар. Ал турсун, "Аун Синрикё", "Саентология", "Жахабанын күбөлөрү" "Таблиг жамааты" , жана башка деструктивдик агымдар  баштаган сайда саны жок секталар кыргыз жаштарын туш тараптан талап кетишти го? Дин жаатында Орто Азиядагы эң эле бейбаш өлкө болдук! Анан кайдагы улуттук идеология же кыргыз иденттүүлүгү?

Эми ислам боюнча. Биз кыргыздар эч качан фанатик исламист болгон эмеспиз жана болбойбуз дагы! Бүгүнкү караңгычылык абалды уюштурган бир ууч эле акчага азгырылган макулуктар. Ооба, алар азыр социалдык желелерди ээлеп алышып, кыргыздын каада-салтына, үрп-адатына каршы иштерди уюштуруп жатышат. Ал турсун кандайдыр бир ийгиликтерге жетишкендей болушууда. Алардын артында чет-өлкөлүк диний миссионерлер турушат. Алардын биздин элди, айрыкча, жер-сууларыбызды, кен-байлыктарыбызды басып алуу максаттары күчтүү. Дин жөн эле ширма, беттерин калкалоо болууда. Ошондуктан,  президент Садыр Жапаров жаштарыбыз динди  адекваттуу түшүнсүн, өзүнүн дүйнө таанымын ирээттеп алсын  деген максатта жогорудагы Жарлыкты чыгарды. Кептин баары эми Билим берүү жана Маданият министрликтеринде! Колдорунан келээр бекен?

- Каныбек агай, диндердин тарыхын окутабыз деп атып, окуучуларды башка нукка буруп албайбызбы? Бул предметтен кимдер сабак бериши керек? 

- Өзү диндердин тарыхын окутуудан коркпош жана качпаш керек.  Бүл дүйнөлүк практика. Эсиңиздерде болсо дин менен маданияттын, адабияттын байланышын даңазалаган дүйнөлүк шедеврлер жаралган. Мисалы, Европадагы орто кылымдын корифейлери Леонардо да Винчи, Микеланджело, Рафаэль, жана башка диндин персонаждарын укмуштудай таланттуулук менен даңазалашкан. Алардын өлбөс-өчпөс эмгектери бүгүнкү күнгө чейин билим алуу жана тарбиялоо иштеринде кеңири колдонулуп келет. Агартуучулук  жаатында алардан өткөн демонстрациялуу куралдар жок! Ушундай эле шедеврлер Кытайда, Индияда, Японияда, ж.б. Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн байыркы тарыхтарында кеңири чагылдырылган. Ооба, мен Сиздин коопсузданганыңызга түшүнөм. Бизде, Кыргызстанда тилекке каршы бир дагы диний интеллектуалдык ийрим жок. Башкача айтканда,  интеллектуалдык ислам түзө албай келишет. Баары эле исламдын жазалоочу, коркутуучу, анан өтө эле тыю салуучу  функцияларына басым жасашат. Бул деген сабатсыздыктын, маданияттсыздыктын айныгыс белгиси. Кичине эле сын-пикир айтсаң өлдүң. Баса калып тепкилеп киришет. Орой сүйлөшөт, сөгүнүшөт. Эми ушул исламбы? Жок  - бул абийирсиздик жана исламдын чыныгы баалуулуктарын сатып, пайда үчүн гана баш урган жүзүкаралык! Ушундай, ашынган фанатиктер мектептерге дин тарыхынан сабак өткөндөрүнөн Кудай сактасын!  Анда эле караңгычылыкка жапырт бой урабыз. Натыйжада, кандайдыр убакыттар ичинде биринчи тилибизден айрылабыз, андан кийин өлкөбүз талкаланып жоголот! Президенттин жарлыгына ылайык, "Диндердин тарыхын окутуу" предметин  "диний секталарга жана агымдарга тиешеси жок, жогорку теологиялык билими жана педагогика, психология жана окутуу методикасы жаатында квалификациясы жогорулатылган же кайра даярдоодон өткөндүгү жөнүндө сертификаты бар адамдарга"- деп кашкая эле жазылып турат. Дагы кандай талап керек? Башка маселе ушул талапты директорлор так аткара алышабы? Сертификат берген окуу жайралары аларды үргүлжү эле сата башташпайбы, азыркы күндөрдө диплом сатышкан ЖОЖдорго окшошуп? Кеп мына ушунда.

- Динге басым кылып атып, тилибизди жоготуп албайбызбы? Акыркы мезгилде Аллах ыраазы болсун деп калдык го...

- Тил - бул адамдардын коммуникативдик байланыштарынын жападан-жалгыз эффективдүү куралы! Баарлашууну тил аркылуу гана бере алабыз. Элестетип көрүңүздөрчү баарыбыз эле кол жаңсап үн-сөзү жок мамилелерди. Мени туура түшүнөсүздөр деп ойлойм. Жогорудагы "жаңсашуу" жолуна аргасыздан барган адамдар бар. Дин - бул адамдардын дүйнө таанымы болгондуктан, дин менен тилдин байланышы өзгөчө категорияга кирет. Диндин кандайдыр бир улутка байланыштыруу аркылуу жайылышы башка тилдерди албетте, бузат. Болгондо дагы өтө тездик менен! Азыр биздин кыргыз тилибиз дагы өзүнүн жашоо этабында абдан чоң проблемалуу учурду башынан кечирип келе жатат. Эне тилибизди сактап калуу баарыбыздын ыйык милдетибиз болушу абзел. Жеңил ойлуулук кылып, башка тилдердин азгырыктарына баш ийбешибиз керек. Өтө эле фанатик болуп кеткен кыргыздарыбыздын тизгиндерин чечкиндүүлүк менен эле тартып коё турган мезгил келди! Болбосо, адегенде тилибизди, анан мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алабыз. Андай трагедиялуу мисалдар карт тарыхтын барактарында өтө эле көп. Мисалы, Байыркы Египет цивиллизациясын эле алалычы? Алардын IX фараону деп эсептелген Эхнатон тарыхта биринчи диний реформатор десем болот. Ал мурдагы Күн Кудайы  Амонду монотеисттик жана терең мистикалык касиетке ээ болгон Кудай Атонго алмаштырган. Ал тилге, салтка жана үрп-адатка кескин өзгөртүүлөрдү сунуштаган жана элди ошол жаңылыктарды кабыл алууга мажбурлаган. Аялы Нефертити экөө никенин дагы жаңыланган формасын кылымдар бою көнүп калган элине таңуулашкан. Аягында эмне болду? Эхнатон менен Нефертитинин көздөрү өткөндөн көп узабай эле баары унутулду. Мурдагы Амондун бийлиги орноду. Бирок, эң башкы трагедия байыркы египеттик тилдин кыйроо эрасы ошондон тарты күчөдү. Натыйжада, тил өзү жоголду. Мамлекет кыйрады! Атактуу Розетта ташынын бетиндеги иероглифтерди француз лингвисти Жан Франсуа Шомпольон 1822-жылы чечмелей алып гана египет тилинин бирдиктүү экендигин далилдеген. Тарыхтын мындай этаптарында алгач, тил жоголуп, канча өлкө кыйраган мисалдар толтура. Биз, кыргыздар, XXI кылымда ушундай трагедияга тушугушубуз керекпи? Жок мындайга эч качан жол бербейли. Исламды кыргыздын каада-салты, үрп-адаты менен эле кабыл алып жашайлы. Арап тилинин алдында Кыргыз Тилибизди кылын дагы кыйшайтпасыбыз керек!

- Айтканыңызда калет жок. Бирок, эл арасында бул Жарлыкты президент бекер чыгарды. Эми динчилдер баш көтөрө баштайт деп кооптонгондор да болуп жатат го?

- Динчилдердин агрессивдүү саясаты биз көңүл коштук же жагымпоздук кылып келгенибизден бери эле башталды. Айрыкча, амбициясы өз башынан ашып түшкөн көпчүлүк саясатчылар дин менен ойноп туруп алышты. Андай көрүнүш  бүгүн деле уланууда. Бул өтө опурталдуу кадам. Ислам динин туталы, аны урматтайлы. Бирок, аны каада-салтыбыздын контекстинде эле кармайлы да! Бүт дүйнө эли ошондой эле жол менен жашайт. Эл аралык деп эсептелген аврамистикалык диндердин башка тилдүү элдерди өз кучагына басып алуу аракеттери күчтүү экендигин белгилеп кетким келет. Бирок, улуттук деп эсептелген диндер дагы бар го? Мисалы, япондордун синтоизми, кытайлардын даосизми, индустардын индуизми, еврейлердин иудаизми жана башка  толгон-токой улуттук диндер. Алар деле өз элдеринин дүркүрөп өсүшүнө, улуттук идеологияларынын бекем калыптануусуна оң таасирлерин берип эле келе жатышат го? Биз биринчи кезекте КЫРГЫЗ болушубуз керек. Ал үчүн тилибиз менен салтыбыз көздүн карегиндей сакталышы абзел! Анан калган баалуулуктар туунду иретинде кала берсин. Мектептерде кыргыз тили менен тарыхынын сабактары көбөйүүсү зарыл! Тил менен дин ошол этностун ажырагыс куралдары болушу керек, Конкреттүү динди туткан конкреттүү  этнос өзүнүн гана тили жана каада-салты менен карманышы абзел! Башка жол жок!