Курулушу узакка созулган “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна старт берилди. Өлкөбүздү энергетикалык көз карандысыздыкка жеткирчү курулуштун расмий башталышына өлкө башчысы да катышты.
ГЭСтин кубаттуулугу – 1 миң 860 мегаваттка барабар болот. Суу сактагычында суунун көлөмү 5,4 млрд. кубометр болгон учурда 5,6 млрд. киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлөт. Курулуштун мөөнөтү 8-10 жылды түзөрү пландалууда. Эгерде каржылоо жагынан кечеңдетүүлөр болбой, курулуш иштери үзгүлтүксүз жүрүп турса, ГЭСтин биринчи агрегаты 4 жылдан соң ишке берилет. ГЭСтин суу сактагычынын плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзөт.
Камбар-Ата ГЭСин куруу зарылдыгы эчак эле жаралган. Анткени, Токтогул ГЭСинде өңдүрүлгөн электр энергия жетишсиз болуп, энергетикалык системанын абалы жылдан жылга оорлоп баратат. Мындай жагдайда Камбар-Ата-1 ГЭСинин ишке берилүүсү чыңалган абалды кескин жеңилдетип, электр энергияга болгон таңсыктыкты жоюп, электр энергиясын импорттоого эмес, экспорттоого мүмкүн боло баштамак.
Башкысы, ГЭСтин курулушуна убагында каржы бөлүнүп, иштин жүрүүсү үзгүлтүккө учурабасын дейли. Болбосо, «долгостройлордун» далайын көрүп, ишенбөөчүлүк менен карап калбадыкпы…
Булак: “Майдан. kg” гезити