Печать
Категория: Коом
Просмотров: 447

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов депутаттын сынына кабылды. 

Бүгүн. 15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыңгыз Ажибаев Лейлек районундагы милициянын убактылуу кармоочу жайында жаран мыйзамсыз кармалып жатканын билдирди. 

Кыйноолорго каршы Улуттук борбордун директору Бакыт Рыспеков мындай фактылар бир гана Лейлекте эмес, башка аймактарда да бардыгын белгиледи. 

Депутат Эдил Байсаловго кайрылып бул тууралуу кандай пикири бардыгына кызыкты. 

 "Лейлек районундагы убактылуу кармоочу жайбы?" - деп депутаттын суроосуна Байсалов суроо менен жооп берди. 

"Суроого жоопту билбесе Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары бул жерде эмне кылып отурат? Мындай фактылар Лейлекте гана эмес, Бишкекте дагы бар. Бишкек ШИИБинде жарандар мыйзамсыз кармалып жатат", - деп нааразы болду депутат.