Кыргызстан Эгемендүүлүк жылдары чет мамлекеттерге өз өндүрүшүнөн чыккан эч кандай товар экспорттой албаган менен жарандык документ – паспортту “экспорттоо” жагынан бир топ эле атагы чыкты. Болгондо да кыргыз паспортун Меккеге ажылыкка бара албай жүргөн кошуна жана алыс-жакынкы өлкөлөрдүн жарандары сатып алышып, мусулманчылыктын беш парзынын бир парзын аткарышкандыгы ачык эле айтылып жүрөт.
Андан тышкары кыргыз паспорту эл аралык кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнөн да табылган учурлар болгон. Демек, биздин жарандык документибиз чет элдиктер үчүн ар кандай арам, терс, криминалдуу иштерин жасай турган, өзүнүн жүзүн калкалоочу беткап катары колдонулуп келүүдө. Мисал катары айта турган болсок, мындан 2-3 жыл мурда Стамбул аэропортунда Түркиянын укук коргоо кызматкерлери кытайлык бир уйгур жарандан 100 даана кыргыз паспортун чек арадан алып өтүп жатканда кармашкан. Бирок бул окуя Кыргызстанда чоң ызы-чууну жаратып, бийликтин жогорку органдарында сөз болгон менен ошол 100 паспортту ким бергендиги же саткандыгы ачыкка чыкпай, көмүскө бойдон кала берди.
Кыргызстандын жарандарына таандык 100дөн ашык паспортту Түркияга чыгарып бараткан жаран кармалганын санариптик өнүгүү министри Талант Иманов 26-апрелде журналисттерге өзү билдирген. Анын айтуусунда, азыр Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо мекемелеринде инвентаризация жүргүзүлүп жатат. Ош облусунун Өзгөн районундагы текшерүү учурунда жок кылына турган 1200 паспорт жетпей калган.
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) бул иш боюнча жети кишини камакка алган. Арасында мурда бул системада иштеп кеткен адамдар бар.
“Биз жарандарга айына 50-60 миң паспорт беребиз. Жылына 500-600 миң паспорт берилет. Эски системада жоготтум деп коюп, башкаларга сатылган учурлар чыгып жатат. Азыр тергөө жүрүп жатат, көп нерсени айта албайм. Мунун артында көп кишинин катышы бар экен. Ош облусу боюнча жети киши камакта",- деген болчу министр.
Т.Иманов тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн иштин жагдайларын ачыктай албай турганын, чет өлкөнүн жарандарына сатылышы мүмкүн деген документтер эски паспорттор экенин кошумчалады. УКМК болсо бул жагдай тууралуу журналисттерге эч кандай маалымат берген жок.
Министр 25-апрелде Фейсбуктагы баракчасына Калкты жана жарандык абалдын актыларды каттоо департаментинде паспорт мафиясы күчөгөнүн өзү жазган.
Аталган департамент Санариптик өнүгүү министрлигинин алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматына карайт. Мекеме акыркы билдирүүлөргө комментарий бере элек.
Кыргызстанда жасалма паспорттордун берилишине байланыштуу бир катар чуулгандуу окуялар катталган, козголгон кылмыш иштери эмне менен аяктаганы белгисиз учурлар көп болгон.
Демек, кайсы бир тиешелүү паспорт берген органдын жетекчилиги же кызматкерлери бүгүн деле паспорт “бизнеси” менен алектенип жүрүшөт окшойт. Албетте, бекер эмес, чоң акчага. Биздин журналисттик иликтөөлөрүбүздө белгилүү болгондой, чет элдиктерге бир паспорт бери дегенде эле 1 миң АКШ долларына сатылат экен. Эми 100 же 1000 даана паспорт сатканда 100 миң же 1 000 000 (бир миллион доллар) кытыраган жашыл акчага маарып калып жатпайбы. Мындан тышкары ошол “паспорт мафиясы” менен алектенген тиешелүү органдардын кызматкерлерин калкалаган чоң кызматтагы “крышалары” да бар экендиги айтылууда. Ансыз булар ушундай “операцияны” кантип жасап, суудан кургак чыгышмак эле...
Паспорттордун дайынсыз жоголушу же сатылышы тууралуу маселе жакында, май айынын акыркы жумасында Жогорку Кеңеште каралып, Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов жараксыз паспортторду сатуу тууралуу депутаттарга маалымат берди.
Ал тургай министр буга чейин айтып чыккан паспорт мафиясы боюнча кандай иштер жүрүп жатканы тууралуу эл өкүлдөрүнө видео кайрылуу жасоого аргасыз болду. Министрдин айтымында, Санариптик өнүктүрүү министрлиги УКМК менен биргеликте жок кылынууга тийиш болгон 2020-2021-жылдардагы жараксыз паспорттордун реестрлерин инвентаризациялоо маалында, Өзгөн району боюнча 1667 жарандык паспорт, 2101 жалпы жарандык паспорт жок экени аныкталган.
Кылмыш ишинин алкагында Санариптик өнүктүрүү министрлиги УКМК кармаган Калкты жана жарандык абалдын актыларды каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмүнүн адисин, кылмыш иши козголуп, үй камагында отурган Араван районундагы бөлүм башчысын кызматынан бошоткон. Департаменттин кызматкерлерине тартиптик жаза жарыяланган.
24-майда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Санариптик өнүктүрүү министрлиги боюнча депутаттык комиссия түзүү маселеси көтөрүлгөн. Депутат Дастан Жумабеков министр айтып чыккан паспорт мафиясы унутта калганын, бул иштин жыйынтыгы белгисиз болуп кеткенин айткан болчу.
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 100дөн ашык паспортту өлкөдөн чыгарып бараткан адамды кармаган. Андан соң министр 25-апрелде “Фейсбуктагы” баракчасына Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинде паспорт мафиясы күчөгөнүн жазып чыккандыгын бул тармактын жетекчилиги, министр өзү моюнга алып отурат.
Тилекке каршы биздин жетекчилер тигил же бул фактынын кесепети менен гана күрөшүп, анын себебин унутта калтырышкандыгы таң каларлык. Анткени ошончо паспорт кимдин уруксаты менен жүздөп башка бирөөлөргө берилип, андан ары чет өлкөлөргө ташылып жатат?!
Деги паспорт берүүчү орган болгон азыр санариптик өнүгүү министрлигине караштуу Калкты каттоо жана жарандык актылардын абалы департаментинин директору Эсеналиева Элиза Кадырбековна тууралуу кызыктуу документ колубузга тийди. Аталган мамлекеттик мекеменин жамаатынын Акыйкатчы аркылуу Башкы прокуратурага жетекчинин ээлеген кызматына мыйзамсыз дайындалгандыгы боюнча арызына жооп берилген. Э.Эсеналиева мындай өтө жооптуу жана артында ызы-чууну жараткан мекемени жетектөө мындай турсун, катардагы кызматкер болуп иштегенге да мыйзамдык жана моралдык укугу жок экен.
Баса, мурда Жанузакова, кийин Эсеналиева болуп кубулган бул айымдын фамилясын эмне себептен өзгөртүп алгандыгынын да кызмат абалындагы “иштерине” байланышкан өзүнчө таржымалы бар экен...
Башкы прокуратуранын үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде Омбудсменге берген жообунда көрсөтүлгөндөй, Э. Жанузакова - Эсеналиеванын директорлукка дайындалуусунун мыйзамдуулугу текшерилген. Анын жүрүшүндө Э.Эсеналиева 2018-жылы 12-июлда Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкек шаарынын Ленин райондук паспорттоштуруу жана калкты каттоо кызматынын бөлүм башчысы болуп дайындалган. Ал эми бул кызматын аткаруудагы кемчиликтери үчүн Э.Эсеналиевага Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан сөгүш жарыяланган. Бирок КРнын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиальдык кызмат тууралуу” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, дисциплинардык жазага тартылган кызматкер күнөөсүн өтөп жаткан учурда жогорку деңгээлдеги кызматка көтөрүлбөш керек. Мындай жобо “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиальдык кызмат тууралуу” КРнын мыйзамында да бекитилген.
Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы №173 буйругу менен Э.Эсеналиеванын жогоруда белгиленген жаза мөөнөтүнө карабай Санариптик өнүгүү министрлигинин алдындагы Калкты каттоо жана жарандык актылардын абалы департаментинин директору болуп дайындалган.
Ошол эле учурда Башкы прокуратуранын жамааттын кайрылуусуна берген жообунда Э.Эсеналиева 2016-жылы 1-мартта Чүй облусттук экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы башкармалыгы (УГСБЭП) тарабынан Аламүдүн райондук паспорттук-виза жана каттоо кызматынын адиси болуп иштеп турганда акча талап кылгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы белгиленген. Бирок бул иш ошол эле жылы 25-майда токтотулуп, Э.Эсеналиева кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган экен.
Бирок азыркы учурда Бишкек шаарынын Свердлов РИИБ тарабынан бул мекеменин профсоюз уюмунун акча каражатынын Департамент жетекчилиги тарабынан мыйзамсыз алынышы (присвоения) боюнча кылмыш иши иликтенүүдө.
Э.Эсеналиеванын мындан тышкары кол астындагы кызматкерлерин мыйзамсыз дайындап, орун которуштурган иштери тууралуу да фактылар бар. Мисалы, 2022-жылы 14-февралда С.У.Ниязбекованы Чүй облусунун Москва районуна аймактар аралык бөлүмдүн башчылыгына дайындоодо мыйзамды бузган. Себеби ал да мурда кызмат ордуна ылайык келбегендиги үчүн эскертүү иретинде дисциплинардык жазага тартылган.
Бирок Э.Эсеналиева 2021-жылы 14-октябрда Ош облусунун Алай райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Н.Н.Эркинбаеваны эч кандай себеби жок эле кызматынан алып койгон. Директордун мындай мыйзамсыз чечимине каршы Н.Эркинбаева Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна доо арыз берип, 22-декабрда сот жетекчинин буйругун мыйзамсыз деп таап, арыз ээсинин талабын толук канааттандырып, мурдагы ээлеген кызмат ордуна кайра алуу тууралуу чечим чыгарган. Ошол эле учурда Бишкек шаардык соту да 2022-жылы 3-мартта биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.
Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, 2022-жылы 21-февралда КРнын УКМКнын Ош шаары жана Ош облусттук бөлүмү тарабынан 100дөн ашык колдонуудагы жана мөөнөтү өтүп кеткен Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортунун чет өлкөгө мыйзамсыз чыгарылышы боюнча кылмыш иши козголгон.
Ал эми Э.Эсеналиеванын өзү жетектеген департаменттин профсоюз уюмунун ири суммадагы акча каражатын мыйзамсыз түрдө алып койгондугу тууралуу да маалыматтар түшүүдө. Мыйзам жана профсоюз уюмунун жобосуна ылайык, ал акча кызматкерлердин эс алуусуна, ден соолугун чыңдоого гана жумшалыш керек. Профсоюз уюмунун ишине, жетекчисине кысым, басып жасап, төрагасын мыйзамсыз алмаштыргандыгы да айтылууда.
Ушундай бүтүндөй мамлекетибизди дүйнө жүзүнө тескери жагынан көрсөткөн паспорт “мафиясы” катталган мекемени өзү репутациясы булганган, кызмат ордуна мыйзамсыз дайындалган жетекчинин башкаруусу туурабы?
Эмнегедир Санариптик өнүгүү министри Т.Иманов өзү бийликтин эң жогорку органы болгон Парламентте жоголгон паспорттор тууралуу маалымат берип, бирок паспорт ишине жооптуу департаменттин директору Э.Эсеналиеванын бир эмес, бир нече мыйзам бузууларын көрүп-билип туруп, ал тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматын эске албай, кызматта кармап туруусу да бир топ табышмактуу суролорду жаратууда. Эгер башкы көзөмөл органынын корутундусу аткарылбаса, эске алынбаса, анда башка органдар тууралуу айтуунун деле кереги жоктур...
А.Белеков
P.S. Редакция өз кезегинде экинчи тараптын да пикирин угуп, жарыялоого даяр.
Булак: "Майдан. kg" гезити