Печать
Категория: Коом
Просмотров: 71

Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Маалыматта соңку жылдары дүйнө жүзү боюнча да, Борбордук Азия регионунда да диний экстремизмдин жана радикализмдин өсүшүнүн айынан социалдык-саясий кырдаалдын татаалданышы байкалып жатканы белгиленген.

"Бул тенденция мамлекеттин улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген зомбулуктун жана экстремисттик иштин жайылуу коркунучуна алып келет. Жалпысынан диний экстремизмди жана терроризмди дин деп түшүнбөстөн, анын радикалдуу формаларына каршы туруу керек. Кыргызстанда конституциялык түзүлүштү өзгөртүүнү, светтик системаны теократиялык системага алмаштырууну эл алдында пропагандалоону камтыган радикалдуу диний идеологияларга мыйзам менен тыюу салынган", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле динге, анын Кыргызстандын тарыхындагы, маданиятындагы жана күнүмдүк турмушундагы ролуна болгон кызыгуунун өсүшү дин жөнүндө объективдүү илимий билимге массалык муктаждыкты жаратышы мектептик билим берүү түзүмүндө светтик билим берүү системасы канааттандырууга тийиш экени белгиленет.

Баса, мектептерге дин сабагын киргизүү маселеси көптөн бери айрым жеке дин жаатында иликтөө жүргүзгөн уюмдар тарабынан көтөрүлүп, ал демилге өткөн чакырылыштагы парламенттер тарабынан колдоо тапкан менен ишке ашпай келген.

Себеби анын бир себеби каражат тартыштыгы болсо, экинчи себеби адистердин жоктугу айтылып келген. Анткени жок дегенде ар бир мектептке бирден дин сабагын окуткан мугалим керек болгондо эле үч миңдей адис талап кылынат. Бирок биздин ЖОЖдор баары эле теолог адистерди даярдашпайт. Каражат маселесин чечүүнү президент тийиштүү министрликке тапшырды. Ал эми теологдор жетишпеген учурда дин сабагын тарыхчылар окутмакчы. Канткен менен бүгүнкү бийликтин бул кадамы коомчулук тарабынан колдоого алынууда. Бир чети балдарыбыздын мектепте дин сабагынан билим алышы. Алардын ыймандуу, адамкерчиликтүү болушуна да чоң таасир тийгизеринен үмүт чоң.