Азыр бир эле Бишкекте эмес, эл аралык деңгээлдеги трассаларда, Ош, Баткен, Жалал-Абад сыяктуу чоң шаарларда “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында видеокамералар орнотулуп, жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пулдар шакылдап эле жазылып калды. Андан тышкары Бишкектин ар бир көчөсүндө күн сайын “живой” инспекторлор айдоочуларды акмалап, “жол эрежесин бузса экен” деп турушат.
Бирок ошол жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн формачан кызматкерлер дайым эле өз милдетин так аткарбай, ал тургай мас болуп, ошол абалда машина айдап жүргөндүгү деле жаңылык эмес.
11-июнь күнү ушундай бир учур катталды. ИИМдин маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, саат 20:30да Ысык-Ата РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө районунун Ак-Кудук айылынын тушунда “Бишкек-Торугарт” автожолунун 12,3 чакырымында “Даймлер Крайслер” үлгүсүндөгү кызматтык автоунаанын айдоочусу батыштан чыгыш тарапты көздөй бара жатып, ошол эле батыштан чыгыш тарапты көздөп бара жаткан жаран И.К. башкаруусундагы “Дэу-Тико” үлгүсүндөгү автоунаасы менен кагышкан деген маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге Ысык-Ата РИИБнүн тергөө-ыкчам тобу чыгып, кароо жүргүзүлүп, жол кырсыгына кабылган автоунаалар токтотуучу жайга киргизилген.
“Дэу-Тико” үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочусунан сырткары жүргүнчү катары 1989-жылы туулган Ш.Т., 2013-жылы туулган С.Б., 2016-жылы туулган А.Б., 2021-жылы туулган Х.Б. жана 2022-жылы туулган Ф,Б, болгон. Бардыгы медициналык кароодон өтүүдөн баш тартышкан.
Тергөөнүн жүрүшүндө “Даймлер Крайслер” үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочусунун өздүгү аныкталып, ал ИИМдин ЖКККББнын Издөө бөлүмүнүн инспектору милициянын кенже лейтенанты Н. Б. болуп чыккан. Аталган автоунаанын ичинде жүргүнчү катары 1996-жылы туулган Э.к.А. менен Т.к.К. болгон.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде кылмыш иши козголуп, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. ИИМдин жол-кайгуул кызматынын Издөө бөлүмүнүн инспектору милициянын кенже лейтенанты Н. Б. тергөөгө камсыздалып, учурда Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы менен жогорудагы милиция кызматкерине карата юридикалык баа берилип, ИИМдин ЖКККББнын жетекчилигине катуу чаралар көрүлөт.