Печать
Категория: Коом
Просмотров: 85

13-июнда УКМК тарабынан аткезчилик иштерин аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 11-июнда Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарындагы үйлөрдүн биринен кезектеги тоннель табылды. Бул тоннелдин эки өлкөнүн аймагынын ортосундагы узундугу 170 метр, кире беришиндеги тереңдиги 13 метр, ал эми туурасу 70-80 см. болуп чыкты. Мурдагы эки тоннелдин да узун-туурасы, тереңдиги ушундай болгон.

Тиешелүү дарек боюнча тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда имараттардын биринин кире беришинен жер астындагы тоннель табылган. Үйдүн ээси Кыргызстандын М.И.М., аттуу жараны болуп чыкты.

"Тергөөнүн жүрүшүндө М.И.М., 2021-жылдын сентябрь айларында ал 2014-жылдан бери тааныш болгон “Рустам” аттуу адам менен кылмыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстандан Өзбекстанга эл керектөөчү товарларды жана чет элдик валютаны мыйзамсыз алып өтүү максатында Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган тоннелди казуу боюнча иштерди, Кыргызстандын М.И.М., жана Өзбекстандын Рустам аттуу жарандары жүргүзүшкөнү такталды", - деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.И.М., жасаган күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, бул кылмыштын жасалышынын бардык жагдайларын тактоо үчүн тергөө органдары менен толук кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Азыркы учурда бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, буга чейин да УКМК тарабынан Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган эки тоннелди дал ушул Кара-Суу шаарынан тапкан болчу.

Айрым маалыматтар боюнча, бул жер астындагы тоннелдер аркылуу аткезчилик азык-түлүктөр гана эмес, маңзат, адамдар, ал тургай акча жана курал-жарактар да ташылып жүргөн болушу мүмкүн.