Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1849

- Ошол эле учурда сиз ѳзүңүз экспрессивдүү түрдѳ катуу билдирүүлѳрдү жасаганга жол берип келесиз. Мына, аз күн мурда эле парламенттин жыйынында Мадумаровдун колун сындырып кое турганыңызды айтып, коркуттуңуз. Ал жакындары менен тѳңкѳрүш жасоого камданып жатканын айттыңыз. Ушул туурасында билсек болобу? Чын эле ошондойбу?

- Ар бир саясатчы ѳзүнүн айткандары үчүн жооп бериши керек. Бул жѳн гана оозунан чыккан жел сѳздѳрдѳн болуп, жоопкерчиликтен кутулуп кеткенге болбойт. Равшан Жээнбеков да, Ташиев да, Мадумаров да айткан сѳздѳрү үчүн жооп беришет. Ар бир адам  мыйзам чегинде жооп берет. Ошол эле Равшан Жээнбеков Кылмыш кодексинин 363-беренесине ылайык жооп берет. Мадумаров менен Ташиев боюнча айтсам, саясатчы конкреттүү бир райондогу контрабанданы колдоп, жаап-жашырып, анан аны менен күрѳшүп жаткандай, элдин кызыкчылыгын коргоп жаткандай түр кѳрсѳтүп, бакылдап сүйлѳп жатса, биздеги маалыматтардын негизинде элге анын ким экенин кѳрсѳтүшүбүз керек. Депутаттык мандатына жамынып, Жогорку Кеңештин трибунасына таянып алып,  элге туура эмес маалыматтарды берүүдѳ. Ал Лейлек районуна барып, эл менен жолугушууларды ѳткѳрүп, жалындуу сѳздѳрүн сүйлѳп, ѳлкѳ жетекчилигине видео кайрылууларды жасашты. Ошол мезгилде анын жанында бир канча адамдар жүрүштү. Алар аткезчилик менен алектенгендер болуп эсептелет. Бул документтер менен далилденген. Мадумаровдун жанында жүргѳн сакалчан Арслан Ташматов деген бар. Ал үй-бүлѳсү менен бүт аткезчилик иштерин жасаган адам.  Күнүмдүк тиричиликке керектүү тамак-аш азыктарын кошуна ѳлкѳгѳ ири кѳлѳмдѳ аткезчилик жол менен ташып жүргѳнү далилденген. Сѳз болгон Кулунду айыл ѳкмѳтүнүн тамак-аш, жер семирткич, күйүүчү майлар боюнча кайрылуулары жок. Биз ашыгы менен жеткирип, камсыз кылып келе жатабыз. Бирок контрабандисттер жагдайдан пайдаланып, кошуна ѳлкѳгѳ тамак-аш азыктарын, күндөлүк керектелүүчү буюмдарды жашыруун мыйзамсыз ѳткѳрүү аркылуу акча жасашууда. Мадумаров парламенттин жыйында атайылап УКМК кошуна ѳлкѳлѳргѳ товарларды ѳткѳрүп туруу үчүн “кызмат акысын алып жатат” дегендей жалган маалыматты таратты. Эгерде контрабандалык жүк аткезчилик жол менен алып ѳтүлѳ турганы боюнча бизде маалымат болсо, биз ал автоунааны токтотуп, текшерүүгѳ алабыз. Мындай жол менен тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуунун аракетиндебиз. Азыркы учурда Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунда контрабанданын кѳлѳмү үч-төрт эсеге азайды, дээрлик жок болуп калды десек болот. Себеби, биз күнү түнү бул багытта иштерди жүргүзүп атабыз. Албетте, ѳз ишибиз менен кээ бирлердин жылдап жолго коюлган схемаларын жокко чыгарып, кирешелерден куржалак калтырып жатабыз. Ошон үчүн бизге каршы чыгышып, жалган маалыматтарды таратышууда. 

Жогорку Кеңештин жыйынында ал мага сѳѳмѳйүн кезеп, мага бирди  кѳрсѳтѳрүн айтып, коркутууга алды. Антип атканын жыйындагы депутаттардын баары угушту. Анын микрофону ѳчүк болгондуктан эл укпай калды окшойт, бирок депутаттар угушту. Мен анын коркутуусуна жооп кылып, мага кѳрсѳтѳ турган болсо, колун сындырып кое турганымды айттым. Ошондой болот. Эгерде кимдир бирѳѳ ѳзүнүн жүрүм-туруму менен мени коркутса, мен тиешелүү деңгээлде жообумду берем. Ага менин духум да, мүмкүнчүлүгүм да жетет.

Маектешкен Лейла Саралаева