Кечээ, 13-июнда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Айгүл Айдарова эмгек, социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевге жаш балдарга ар кандай шылтоолордун негизинде жөлөкпул төлөнбөй жатканын айтып, кайрылды.
Депутаттын айтымында, Баткендин тургундарынын 90 пайызы ушул суроону беришүүдө. Мисалы, күйөөсү Москвада иштеп жаткан аялдар балдарына жөлөкпул ала албай келишет.
"Сиз буга кандай карайсыз? Бул чынбы же калппы?" - деди депутат министрге.
Министр ата же эне кайсы жерде иштебесин канча акча табаары маанилүү экенин белгиледи.