Журналист Шамурза Борукулов соцтармактагы баракчасына саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмүнөн саясат издегендер тууралуу жазып чыкты:
- Ушул Жылдыз Жолдошова жөнүндө жазбай эле коелучу, аял киши эмеспи, сүйлөп-сүйлөп басылаар, бийликке болгон адилетсиз таарынычы таркап кетээр деп жүрдүк. Ал ар качандан бир качан чыгып алып, "жакшы көргөн инилерине" ар кандай элекке турбаган сандырак сөздөрүн айтып жүрсө да.
Урматтуу Жылдыз Жолдошова эже! Сиздин азыркы бийликке таарынганга тырмактай да акыңыз жок. Себеби, 2010-жылдагы шайлоодо эч канча добуш ала албасаңыз да, артыңыздан ээрчиген электоратыңыз чамалуу экенине карабай, ушул сиз элге жамандап жүргөн "инилериңиз" Садыр, Камчыбек, Ахматбектер партиясына кошуп алышып депутат болдуңуз, Жылдыз Жолдошева деген атыңыз элге таанылды эле.
Туура, 2010-жылдагы Ош коогалаңы тууралуу: аягына жетпеген, чала өлгөн жыландай болуп калып кеткен иликтөөлөрүңүз үчүн да сизди сыйлап жүргөнбүз. Бирок кийин эле, дал ошол түштүк согушунун башкы уюштуруучусу болгон Атамбаев түрмөгө түшкөндө, сиз: "Атамбаевдин ден соолугун чет мамлекеттен каратышыбыз керек. Эгер өлүп калса, бүткүл дүйнөгө шерменде болобуз", -деп, кылган чала-була иштериңизди бир заматта жууп салгансыз.
Ошондон бери эл арасында сиз тууралуу: "Жолдошева да Атамбаев, Отунбаева тарапка өттү"-деген сөздөр жүрүп келет.
Бүгүн мына дал ошол ушак-айың болуп келе жаткан имиш сөздөрдү сиз далилдеп олтурасыз. Атамбаев менен Отунбаевадан кайсыл айырмаңыз калды.
Кошулбаган адамыңыз, ушул ит тепкен шабдалыдай болуп элдин назарынан калган Равшан Жээнбеков калды беле?
Экөөң тең илгерки адамдардан болосуңар. Экөөң тең кыргыздын уул-кызы деген бийик атты көтөрүп жүрөсүңөр.
Экөөң тең өз акыбалыңарды билбестен, ар келген бийликке сын, ал эми кыргыз элине кандай жашашты үйрөтүп келесиңер.
Экөөң тең маркум Марат Казакпаевдин тажыясына баш кийимсиз, жылаң баш жетип барганыңарды кандай түшүнсөк болот?
Биринчиден, кайсыл жерде кыргыздын өлүгүн саясий оюнга аралаштырып, тажия убагында кине-кидретин айтчу эле?
Кайсыл убакта өлүктү акыркы сапарга узатып жатып, тажияны митинге айландырганын көрдүңөр эле?
Менимче, сиз Равшан бузуку экөөң өзүңөрдүн бийликке карата ич-күптүңөрдү айтып алалы, белгилүү адамдын тажиясына көп эл келет, биздин үнүбүздү ошолор угушсун деп, эң башкысы Марат Казакпаевдин үй -бүлөсүн, туугандарын, жакындарын бийликке каршы үндөгөнү гана баргансыңар.
Экинчиден, Марат Казакпаев эки жылдай түрмөдө жатты окшойт, эгер жаңылбасам?
Ошончолук эле Марат Казакпаев менен жакын экенсиз, эмне үчүн түрмөгө кирип көрүп чыкпагансыз?
Марат Казакпаевге УКМК тарабынан силер айткандай азап көрсөтүлүп жатса, эмне үчүн ошол убактарда айтып чыкпадыңар?
Эмне, Казакпаевдин өлүмүн күтүп олтурдуңар беле?
Атамбаев өзүнүн анги сарайында Үсөн Ниязбековду атып өлтүргөндө, сиз Равшан иниңиз экөөңөр бир сөз айтышка жараган эмессиңер. Эмне, Казакпаев Ниязбековдон бир жери артыкпы? Же Атамбаев Садыр Жапаровдон өтө жакшы иштегенби?
Жакшы болуп жакшылардын арасында жүргөнсүз. Шайлоо учурунда Садыр, Камчы "инилериңизди" колдоп жүргөнүңүздү билебиз, бирок, аларды инилерим дегениңиз жалган экенине карабай.
Демек, сиз өзүңүздүн гана кызыкчылыгыңыз үчүн чуркап жүрсөңүз керек? Антпегенде, кандай шартта болсо да аягына чейин колдошуңуз керек эле.
Мына биз 2010-жылдан бери бир кыйшайбай, канча бийлик алмашса да "Ата -Журттун" Ташиевин, Жапаровун, Келдибековун колдоп келебиз. Биз жөнөкөй адамдарбыз. Бизге бийлик кызматынын да, депутаттык мандатынын да кереги жок. Биз үчүн ушул үч патриот азаматтардын (кудай буюрса, Ахматбекти да катарына кошуп алышат, буга менин шегим жок) ден соолугу, өтө оор, жоопкерчиликтүү иштериндеги ийгиликтери гана керек. Бизге башка бийликтин кереги жок. Туура, кээде сын айтабыз, кадр маселесиндеги өзүбүзгө жакпаган жагдайларды жазабыз. Бирок аны да ушул азаматтардын кызыкчылыгын ойлоп жазабыз.
А сиз, урматтуу Жылдыз Жолдошова, жөнөкөй адамдар болгон бизчелик боло албадыңыз.
Тез эле өз амбицияңызды баарынан бийик коюп, 80% эл колдогон азаматтарга каршы чыктыңыз.
Буларга каршы чыгам деп, бир аз болсо да сизди сыйлаган электоратыңыздан куру жалак калдыңыз. Мындай экенине ишенип кое бериңиз.
Акыры барып кошулган жериңиз Равшан Жээнбеков болду.
Равшан экөөңөр жана тарп аңдыган кузгундай болушуп жамандык аңдып жүргөн батышчыл акмактар биригип, Марат Казакпаевдин өлүмүн саясатка, ал эми тажиясын митингге айландырып салдыңар.
Мындай кылышка эч кимиңердин акыңар жок эле.
Бул деген өлүктү сыйлабастык, эгер эле так айта турган болсок, өлүктү маскаралаган менен барабар.
Жылдыз Жолдошова эже, мен сизге кеңеш бере албайм, бирок, кээде өзүңдөн кичүүнүн деле кеңешин угуп кой дешкен, илгеркилер.
Ушундайыңызда тизгиниңизди тартыңыз. Акылыңызга келиңиз. Саясатта бирге жүргөн, оор кездерде табышкан досторуңузду элге жамандаганды токтотуңуз. Сабыр кылып күтүп турсаңыз, баары жакшы болот.
Силер бийликке каршы миң аракет жасабагыла, бирок, бул элдик бийликти колдогон 80% эл көбөйсө көбөйдү, бирок азайган жок, кемип калбады. Бул бийликтин кулашына, куулушуна жол койбойбуз.
Мындай экенине ишенип кое бергиле.