«Бишкек — Нарын — Торугарт» унаа жолундагы милициянын кызматтык унаасы кабылган кырсык боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылында «Даймлер Крайслер» үлгүсүндөгү милициянын кызматтык автоунаасынын айдоочусу «Дэу-Тико» унаасы менен кагышканы тууралуу маалымат «102» кызматына 11-июнда саат 20:30да түшкөн.
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, кырсыкка учураган автоунаалар унаа токтотуучу жайга киргизилген.
«Дэу-Тико» унаасында И.К. аттуу айдоочу, 33 жаштагы Ш.Т. аттуу келин, 9 жаштагы С.Б., 6 жаштагы А.Б., 2 жаштагы Х.Б. жана 1 жашка толо элек Ф.Б. (күбөлөрдүн айтымында, үй-бүлө) болгон. Алар медициналык кароодон өтүүдөн баш тартышкан.
Тергөөнүн жүрүшүндө «Даймлер Крайслер» автоунаасынын айдоочусунун өздүгү аныкталып, Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн инспектору Н.Б. экени аныкталган. Анын жанында 26 жаштагы Э. кызы А. менен Т. кызы К. да болгон.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмү менен иш козголуп, ИИМде тергөө жүргүзүлүп жатат.
Инспектор Н.Б. Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Учурда жогорудагы факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы менен инспекторго юридикалык баа берилип, Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын жетекчилигине катуу чара көрүлөт.
Булак: maralfm.kg