“Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков соцтармактагы баракчасына мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө балдардын ден соолукту чыңдоо борбору ачылганын, анда учурда 40 бала тарбияланып жатканын жазды.
“Комплекстин ичинде дарыгердин, стоматологдун кабинети, шахмат клубу, чыгармачылык класс ачылды, ошондой эле, сууга сүзүү, музыка, кыргыз, орус, англис тилдери, жеңил атлетика үйрөтүлөт.
Мындан тышкары, учурда өлкөдөгү улгайган курактагы ардагер жарандардын эс алуусу үчүн геронтологиялык борбор ачуу жүрүп жатат”, - деп жазды Султанбеков.
Аны менен катар ал бул үй Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн жападан жалгыз үйү экенин да белгилөөнү унуткан жок.
Буга чейин 2020-жылдын 23-июнундагы соттун чечими менен аталган үй мамлекетке конфискацияланганы бир нече жолу айтылганы менен мурдагы президент баары бир провокациялык кадамга барды. Башкача айтууга болбойт. Ал жана анын тарапташтары имаратты күч менен басып алууну күтүп жатышкандай, ошондой болсо ааламга “бактысыз” балдар тууралуу жар салышат. А “бактысыз” балдардын бир гана күнөөсү – Атамбаевдин саясий оюнуна колдонулуп жатканы.
Андан тышкары, мындай борбор ачууга тийиштүү мамкызматтардан лицензия алышканында да шек бар. Үй мамлекетке таандык эмеспи.
Кой-Таш сабак болбогонбу?
"vb.kg" сайтынан алынып которулду