Акыркы убактарда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган өзүнүн дипломаттык ыйгарымынын, алкагынын чегинен чыгып, кыргыз бийлигинин ички ишине ачыктан ачык кийлигишип, акыл үйрөтүп, анын көз карашын, саясый позициясын колдобогондорду маскаралап, шылдыңдоодо.

Ушул жылдын 31-июнунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетиндеги “Фетхулахтын террористтик уюму. Параллелдүү мамлекеттик билим берүү” деген семинар анын демилгеси, мүмкүн кысымы, басымы менен өткөрүлгөнү эч кимде шек туудурбайт. Анткени, элчи мырза ал семинарда өзүнүн мурдагы кайрылуусундагыларды кайталоо менен гана чектелбестен, “Сапат” билим берүү системасын, “Ала-Тоо” университетин жактагандарды ачыктан ачык эле маскаралады. “Жыйынтыгында бир катар түркөй наадандарды семинардын “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өткөрүлгөнү ачууларын келтирди, - деди элчи Ахмет Садык Доган. - Алар ушунчалык наадан болгондуктан университеттин билим берүү боюнча лицензиясын жокко чыгарууну талап кылышты... Ал наадандар ушунчалык манкуртка айланып калышкан экен, улуу түрк элинин Кыргызстанды 30 жылдан бери колдоп келатканын унутуп да коюшту”.

Элчи Ахмет Садык Доган “Түркөйлөр, наадандар”- деп атагандар кимдер? Алар анын пикирине кошулбаган сиз менен биз, анан балдарын “Сапатка”, “Ала-Тоо” университетинде окутуп жаткандар, аларда иштегендер жана аларды бүтүргөндөр, бул окуу жайларын мыкты билим бергени үчүн баалап, алардын иштерине ийгиликтерди каалагандар. Алардын Түркиянын ички саясый жаңжалдары, Фетхулах Гүлен менен иштери деле жок. Ошон үчүн эле башка мамлекеттин элчисинин аларды “түркөйлөр, наадандар” дегени Кыргызстандын жарандарынын сезилерлик бөлүгүн кемсинтип, шылдыңдап, маскаралоо болуп саналат. Андай жоругу үчүн башка мамлекеттин элчисине ошол замат “нон-грат” жарыяланышы, эгерде катардагы жаран болсо, айып пул салынып, 3-4 күндүн ичинде Кыргызстандан чыгарылып жиберилиши керек эле. Демократиянын ордосу делген АКШга, Жапонияга же Англияга барып, башка өлкөнүн бир адамы ошентип көрсүнчү!

Түркиянын атайын жана толук ыйгарымдуу элчисинин минткени ачыктан ачык кыргыз бийлигин басмырлап, тоотпой, саясый жаңжалга чакырган чектен чыккандык, эрегишүү болуп саналат. Анткидей Кыргызстан Түркияга, элчиге эмне кылды?

ашка бир катар мекеме-уюмдарга лоялдуу мамиле жасаса, ал Кыргызстандын өзүнүн ички иши. Түркия деле убагында Өзбекстандык оппозиционерлерди калкалап, маркум Ислам Каримов менен жаңжалдашып жүргөн. Азыр Чыгыш Түркстандагы оппозициячылдарды калкалаганы үчүн Кытай менен тирешип келет. Ал эми биз айтып жаткан “Сапаттын”, “ЖИА”, “Элим барсыңбы?”, “Адеп Башаты”, “Ыйык Ата-Журт”, “Дил азык”, “Марал”, сыяктуу фонду мекемелердин, аттары эле айтып тургандай; саясатка, диний маселелерге, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге эч кандай тиешелери жок. Алар гуманитардык, адеп-ахлактык иштерди гана жүргүзүшөт

Түркиянын көз карандысыздыктан бери Кыргызстанды колдоп келатканы чындык. Бирок, анын колдоосу АКШ, Кытай, Россия, Япония, Еврошериктештик сыяктуу гиганттардын колдоп, сүрөөлөрүнүн жанында өтө эле жупуну экени да ырас. Мында аталган өлкөлөр бергендерин колко, милдет кылбай, элчилери мурунтугун үзгөн торпоктой жулкунбай эле, дипломаттык, маданий алкактардын чектеринде өз вазийпаларын өтөп келатышат. Эгерде Түркия биздеги жогоруда аталган мекемелердин аттестат, дипломдорун тааныбай, өлкөсүнө киргизбей койсо, ал өзүнүн ички иши. Көптөгөн кылымдар бою Түркиясыз эле жашап келгенбиз. Орустарча айтканда, “свет клином не сошелся с Турцией”. Бизге андан да Россия, Кытай, Батыштагылар, Казакстан маанилүү болуп саналат. Ал эми гуманитардык гана милдеттерди аткара турган Кыргыз-Түрк-Манас” университетинин саясатка аралашып, кыргыздарды ичтен болүп жарганга кошулуп, бирин экинчисине кайраштырып, түзүүчү эмес, бүлүндүрүүчү платформага айланып баратканы үчүн лицензиясын жокко чыгарып салса да болот. Бизге насыбай жетишпей калса да университеттер кайсыл убакта болбосун ашыгы менен жетишет. Жылда 4-5и ачылууда. Калган биргелешкен ЖОЖдор аркаларында кандай гигант-өлкөлөр турбасын саясатка, ички иштерибизге аралашпай, өз милдеттерин, тиричиликтерин жөн аткарып жатышканда башкаларга сабак болсун үчүн аталган универдин жетекчилигине жок дегенде катуу эскертүү берилип, өз ордулары көрсөтүлүп коюлуусу зарыл. Болбосо анын ары жок ректору өзүн Эрдогандын орун басары катары эсептей башташы да ыктымал. Бул жер Анталия же Алания эмес, эгемендүү Кыргызстан!

Кыргызда “жаман үйдү коногу бийлейт” деген сөз бар. Бул накыл сөздү тилекке каршы, ээликкен элчи мырзанын жоруктары ырастап эле келатат, келатат... Жомоктун да арты, бийлигибиздин да ар намысы болуш керек да!

Булак: “Майдан. kg” гезити