Саясат талдоочу Марат Казакпаев бүгүн, 10-июнда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза тапты. Ал "мамлекетке чыккынчылык кылуу" боюнча шектелип 2021-жылдын апрель айында кармалган болчу.
КР УКМКнын маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө чейин Казакпаев дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, алар сунуштаган дары-дармектерди алып, ден соолугу канааттандырарлык абалда болгон.
2022-жылдын 9-мартынан бүгүнкү күнгө чейин кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат. Марат Казакпаев анын ден соолугуна байланыштуу жубайынын кайрылуусунун негизинде 2022-жылдын 27-апрелинен 19-майына чейин КР Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын №1 көз микрохирургиясына “жаңы толук гемофтальм, жогорку миопия, хориоретиналдык дистрофия” диагнозу менен жаткырылган.
Ошондой эле, Казакпаев 2022-жылдын 25-майында М.Миррахимов атындагы кардиологиялык борбордун шартында комплекстүү текшерүүдөн, врачтардын кеңешинен өтүп, андан кийин дары-дармектер белгиленген.
19-майдан 9-июнга чейин анын жактоочулары медициналык мекемелерге жаткыруу жөнүндө арыз менен кайрылган эмес. Мындан тышкары, Казакпаев сот процесстерине өзү катышып жүргөн. Үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда эртең менен ден соолугунун абалы кескин начарлап кеткендигине байланыштуу КР УКМК демилгеси менен ал Бишкектеги №1 клиникалык ооруканага жаткырылган. Ага “геморрагиялык инсульт” деген диагноз коюлган.
Ал эми 10-июнда саат 14:31де саясат талдоочу мээнин сөңгөгүндөгү интрацеребралдык кан куюлуп кеткендиктен каза болгон.
УКМК Казакпаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.