Печать
Категория: Коом
Просмотров: 116

17-июндан тарта Бишкек — Балыкчы багытындагы жүргүнчү поезди каттап баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, поезд 17-июндан 17-июлга чейин жума, ишемби, жекшемби күндөрү, ал эми 18-июлдан 31-августка чейин күнүгө каттап турмакчы.

Булак: Спутник.кж