АКШнын колдоосу (каражаты) менен Казакстанга биолаборатория курулгандан бери маалымат айдыңында кызуу талкуу токтобой келет. Россия кооптонуп, зыяндуулугу тууралуу коңгуроо кагып келе жатат. Кыргызстанда да бул маселе көтөрүлүп, Бишкекте байма-бай эл аралык пресс-конференциялар болгон. Анда алар ал курулган лабораторияга эч кимди киргизбешин, ал жакта ар кандай жашыруун нерселер жасаларын баса белгилеп, ал канчалык Кыргызстанга кооптуу экендигин билдиришкен. Ошондой эле анда америкалыктар биолаборатория куруп берип коюп, оңой-олтоң чыгып кетпесин айтып, Алматыдагы биолаборатория Кыргызстанга кооптуулугу тууралуу коңгуроо кагышкан. Атүгүл биолабораториядан чыккан вирустардан элдер жабыркаган учурлар болгонун да айтып чыгышкан. Кыскача айтканда, казактардын өздөрү үчүн эле эмес, коңшу мамлекеттеги кыргыздар үчүн да кооптуулугун айтып, Кыргызстанга жакын жерге салдырбаш керектигин билдиришкен. Ошондой эле, алар кокустан кооптуу вирус чыгып кетсе, анын кесепетин эл тартарын, ага бийлик тараптан кепилдик болбосун ачык эле айтып, бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрүн Алма-Атадагы борбордук референттик лабораторияга жана Казакстандын Биологиялык коопсуздук проблемалары илимий изилдөө институтуна «иш-аракетине аудит жүргүзүүгө уруксат берүү» талаптарын коюшкан!
Коронавирустун жаңы түрү Алматыдагы лабораториядан чыкканбы?..
Жакында эле коронавирустун жаңы түрү Алматыдагы коркунучтуу инфекциялар лабораториясынан тараганы жазылып чыккан. «Вирус Казакстандагы «америкалык лабораторияда» даярдалып, Кытайга алынып келген болушу ыктымал» деп Sohu.com. сайты жарыялаган. Мындай маалыматты АКШнын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун (CDC) өкүлү четке каккан. Дэниел Сингердин айтымында, ал лаборатория Американыкы эмес, Казакстандыкы. АКШ өкмөтү бул обңектини курууну каржылаган, CDC жабдууларды берип, кызматкерлерди окуткан, лабораторияда бир да америкалык жаран иштебейт.
АКШ бийлиги коронавирустун жаңы түрү Кытайдын Ухань шаарындагы лабораториядан жаңылыштык менен тарап кеткен болушу мүмкүн экенин билдирип келет. Бээжин болсо мындай болжолду четке кагууда...
Казакстан эмне дейт?
Бул көйгөйлүү маселе тууралуу Казакстандын вице-премьер-министри – тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди мартта журналисттерге маалымат берген. Анын айтымында, Алма-Атадагы АКШнын колдоосу менен курулган эталондук лаборатория Казакстанга таандык жана анын кызыкчылыгында иштейт. "Өзүңүздөр билесиздер, Алматыда референттик лабораториябыз бар, бул лаборатория грантка курулган, каражат жана жабдыктар АКШ тарабынан берилген. Бирок бул лаборатория толугу менен Казакстандын өкмөтүнө өткөрүлүп берилген, азыр Казакстан изилдөө иштерин жүргүзүп жатат. Америкалык же үчүнчү өлкөлөрдүн башка окумуштуулары ал жерде эч кандай иштеп чыгууларды жүргүзбөйт. Бул лабораториянын аркасы менен биздин QazVac коронавируска каршы вакцина иштелип чыкты», - деп билдирген Тлеуберди.
Россия эмне дейт?..
Мындай ишке Россия каршы экендигин алардын журналисттери жазып чыкты. Алардын маалыматына таянсак, Алма-Атада курулган лаборатория “аскердик биологиялык обңектилердин” бири, согуштук максатта колдонулушу ыктымал.
ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынында Сергей Лавров АКШ аскердик биологиялык иш-аракеттер бүткүл дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Россиянын чек араларында жүргүзүлөрүн баса белгилеп, Москва көптөн бери коңшу өлкөлөрдүн биокоопсуздугуна тынчсызданып келерин билдирген.
Ошондой эле алар Украинада АКШнын биолабараториясы курулганы жөнүндө аныктаган.
Биолаборатория кайсы мамлекеттерде бар?
АКШ Казакстанга, Арменияга жана Тажикстанга америкалыктар биологиялык лабораториялардын тармагын тургузушту. Мунун баары Вашингтонго эмнеге керектигин, алардын кызыкчылыгын “РИА Новости” аныктап, жазып чыккан. Алардын маалыматына таянсак, бул обңект үчүн АКШ 108 миллион доллар бөлүп, АКШнын аскерлери аймакта жана изилдөөлөр белгисиз вирустук инфекциялардан коргоого жардам берерин билдирген.
ЖККУ, КМШ жана ШКУнун саммиттеринде Москванын өкүлдөрү америкалыктар бул лабораторияларды Россиянын кызыкчылыгына каршы колдоно аларын бир нече жолу айтышкан. Бирок Казакстандын бийлиги жергиликтүү биологдордун ишине эч ким тоскоолдук кылбайт деп ишендирген. Блогерлер менен журналисттер Америка башка мамлекеттерге биолаборатория куруп, лаборатор бактериологиялык куралдардын эффективдүүлүгүн текшерип көргүсү келгенин жазып чыгышкан.
Кыскасы, Аламатыдагы биолаборатория Кыргызстанга кооптуу...
Чын-чындыгына келгенде, АКШнын максаты да, көздөгөнү да башкада! Америка зыяндуу нерсени өздөрүнө кылбайт, алгач башка мамлекеттен текшерип көрүп, зыян болбосо гана пайдаланышат. Аларда каражат көп, бай мамлекет. Ошон үчүн акчага муктаж мамлекеттерди каалашынча колдонушат. Акчадан көзү күйүп турган мамлекеттер элди ойлобой ала беришет, ала беришет. Биздин деле мамлекетти көрүп жатабыз го, айрым телерадиолор “АКШнын акырынан акча жеп жатканын” актоо үчүн баарына барып жатышат. Мисалга ала кетсек, Кыргызстандын тээ алмустактан бери ата-бабадан келе жаткан каада-салтын, үрп-адатын жокко чыгаруу. “Демократия” деп эле оюна келгенин кылып жатышат, орой айтканда, дырдай жылаңач чыгып, ич кийимдерин илип алышууда. Жаш жигиттер чачын кызыл-тазыл кылып боеп, өрүп да алышууда... Мунун баары АКШнын долбоору. Мына, АКШ ушундай жаман көрүнүштү биз эгемендүүлүк алгандан бери кылып келатышат. Акырындап жаштардын аң-сезимин бузуп жатышат. “Демократия – бул эркиндик, өз билгениңди кыл!”,-деп кулактарына куюшууда... Ушулар анан биолабораториянын зыян, пайдасын билмек беле? Керек болсо ал долбоордук колдоп беришет. Жети өлчөп, бир кесели! Ойлонолу, ойгонолу! Акчанын кулу болгондорго жол бербейличи, туугандар! Келгиле, ынтымак менен Кыргызстаныбызды ары коркунучтуу, ары кооптуу жаман нерседен сактап калалы!