Печать
Категория: Коом
Просмотров: 115

УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ноокат районунун Он-Эки-Бел айылынын аймагынан жеке турак жай куруу үчүн 30 гектардан ашык айыл чарба жерлерин мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталган.

4-июнда Он-Эки-Бел айыл аймагынын мурдагы башчысы Т.К.Э., жер маселелери боюнча мурдагы адис К.И.Э., Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин мурдагы спикери, учурдагы депутаты К.Д.Т., жана Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин мурдагы депутаты М.К.А. КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып коюлду. Ошол эле күнү Ош шаардык соту тарабынан ушул жылдын 30-июнуна чейин КР УКМК тергөө камак жайына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Азыркы учурда бул кылмыш ишинин алкагында жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатуунун натыйжасында мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.