Печать
Категория: Коом
Просмотров: 182

Педофилдерге өлүм жазасын киргизүүнү депутат Чолпон Султанбекова парламент жыйынында билдирди. 

"Мен жакында Алматы өткөн тегерек столго катыштым. Анда БУУнун аял укуктары боюнча өкүлү жашы жете элек кыздарды ала качуу жана турмушка берүү көрүнүштөрү көбөйүп баштаганын билдирди. Менин оюмча, педофилдерге өлүм жазасын киргизе турган убак келди. Башка жол калбады. Ошондуктан, ушул ыкмага барууга туура келет. Дагы кандай чараларды көрүүгө болоорун ойлонуңуздар", - деди депутат. 

Кыргызстанда өлүм жазасына мораторий киргизилген. Эң катаал жаза өмүр бою эркинен ажыратуу болуп саналат.