Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиев 8-июнда, борбордук Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өткөн Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы менен Сингапурдун курамасынын футболдук беттешине барышты.
Беттеш Азия кубогу-2023 тандоо этабынын алкагында өттү.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Сингапур курама командасын 2:1 эсебинде жеңип алды.
