Печать
Категория: Коом
Просмотров: 140

Бишкектен Казан шаарына алгачкы поезд ошол күнү кечинде жолго чыкты.

8-июнда Самара, 9-июнда Новосибирск шаарларына каттамдар башталат. Орусияга поезд каттамы Казакстан аркылуу өтөт. “Кыргыз темир жолу” ишканасы Казакстандын эрежеси боюнча жүргүнчүлөрдө соңку 72 саатта жасалган ПЦР тесттин “вирус жок” деген сертификаты талап кылынарын 25-майда эскерткен. Беш жашка чейинки балдар үчүн сертификат талап кылынбайт. Орусиянын талабына ылайык, Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө эмес өлкөлөрдүн гана жарандарынан ПЦР тесттин жыйынтыгы суралат. Кыргызстандын эл аралык темир жол каттамы 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу токтогон.

 Буга чейин кыргызстандыктар Орусияга негизинен аба каттамы аркылуу гана барып-келип турушкан. Расмий маалымат боюнча, азыр бир миллиондон ашык кыргызстандык Орусияда иштейт. “Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалыматы боюнча, билеттердин баасы төмөндөгүдөй:

 1). Бишкек – Самара Плацкарт вагондо балдардын билети 3 600 сомдон, чоңдор үчүн билет 9 643 сомдон башталат. Купе вагондо балдардын билети 4 675 сомдон, чоңдор үчүн билет 12 694 сомдон башталат.

2). Бишкек – Казань Плацкарт вагондо балдардын билети 4 592 сомдон, чоңдор үчүн билет 12 476 сомдон башталат. Купе вагондо балдардын билети 6 217 сомдон, чоңдор үчүн билет 17 104 сомдон башталат.

3). Бишкек – Новосибирск Плацкарт вагондо балдардын билети 2 940 сомдон, чоңдор үчүн билет 7 761 сомдон башталат. Купе вагондо балдардын билети 3 801 сомдон, чоңдор үчүн билет 10 219 сомдон башталат.

Булак: “Майдан. kg” гезити