Печать
Категория: Коом
Просмотров: 193

КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында аткезчиликти аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралар уланып жатат.  

5-июнда Баткен ОИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте УКМК кызматкерлери “Кольцо” стационардык постунда Лейлек районунун Кулунду айылынан Раззаков шаарына келе жаткан “Опел” үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Автоунааны кыргызстандык А.Э.А. аттуу жаран башкарып бараткан.  Бирок айдоочу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин унааны токтотуу талабына баш ийбей, качып кетүүгө аракет кылган.

Көрүлгөн чаралардан улам унаа кармалып, айдоочуга административдик протокол түзүлгөн. Унааны кароо учурунда ичинен Тажикстан Республикасынан мыйзамсыз алынып келинген 250 даана коон чыккан.

Тиешелүү чараларды көрүү үчүн унаа жүгү менен бирге бажы органдарына өткөрүлүп берилген.

Азыркы учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.