Печать
Категория: Коом
Просмотров: 162

Ош облусуна караштуу Ноокат шаарынын 2 тургунун белгисиз жарандар атып кетишкен. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 5-июнь күнү саат 09:00до Ноокат шаарынын С.Алимбаев көчөсүндө белгисиз эки жарандын бутуна белгисиз жарандар ок атып кеткендиги тууралуу маалым болгон.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барганда Тойота Авенсис автоунаасы жана ДЭУ Нексия үлгүсүндөгү автоунаалары кагылышкан абалда турган.

Алдын ала текшерүү учурунда төмөнкүлөр аныкталды: Ноокат шаарынын 30 жаштагы тургуну Н.И. 5-июнь күнү саат 08:40 чамасында үйүнөн чыгып, колунда бир пакет жана бир кол сумкасы менен Ноокат районунун борбордук базарына бара жатканда артынан ДЭУ Нексия үлгүсүндөгү автоунаасы кууп келип, каршы багытта көчөнүн кесилишинде бурулуп жаткан П. Х.нын башкаруусундагы Тойота-Авенсис үлгүсүндөгү автоунаасы менен кагылышкан. Ошол учурда Нексиядан белгисиз жаран түшүп, Н. И. менен кармашып жаткан учурда, экинчиси Н. И.нин сол бутуна ок атуучу курал менен аткан. Тойотанын айдоочусу автоунаадан түшкөндө аны дагы сол бутуна атып, белгисиз үч жаран, Н.И.нин колундагы бир пакетти көтөрүп, жөө качып изин жашырышкан.

Жарат алган П. Х. менен Н. И. Ноокат аймактык ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында жараат алган жарандардын абалдары орто.

Белгисиз жарандар карактап кеткен Н. И.ге таандык пакетте 60 миллион өзбек суму (450 000 сом) болгон.

Учурда окуя болгон жерде Ноокат РИИБдин ыкчам-тергөө тобу, эксперт криминалисттер иштеп, кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча тийиштүү ыкчам иш чаралар жүргүзүлүүдө.