Артыкчылык аттестат алуу укугун тастыктай албай калган окуучулар үчүн сынак кайрадан өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Эске салсак, сынак кайрадан өтүшү мүмкүн деген маалыматтар тараган.
Министрликтин маалыматына караганда, учурда "Алтын тамга" сынагынын жыйынтыгына даттанууга арыздар кабыл алынууда, анда компьютер эсептеген упайлар кол менен эсептелет. Апелляциянын жыйынтыгы талапкерлердин бардык арыздары каралгандан кийин чыгарылат.
"Алтын тамга" тестинин жыйынтыгы менен республика боюнча 80 талапкер артыкчылык үлгүдөгү аттестат алуу укугун тастыктаган. Бул жылы ѳзгѳчѳ үлгүдѳгү аттестат алууга 2 миң 232 бүтүрүүчү талапкер болгон. Андан 1 миң 388 кыргыз тилинде, 803 орус тилинде жана 38 өзбек тилинде.
"Алтын тамга" сынагы мектепти 11-жыл "5" деген баага окуп, жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөткөн окуучулар үчүн көз карандысыз сынактык баалоо болуп эсептелет.