Печать
Категория: Коом
Просмотров: 126

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган "Манас" университенде өткөн жумада болгон иш чарага катышып, сөз сүйлөп жатып, Түркия Фетхуллах Гүленге тийиштүү деп эсептеген Кыргызстандагы мекемелерди жана уюмдарды тизмелеп берген. Анын айтымында, ал мекемелерге "Сапат", ERA EDUCATION, "ЖИА" жаш ишкерлердин Ассоциациясы, "Элим, барсынбы?" фонду, "Адеп Башаты" жана  "Ыйык Ата-Журт", издательский дом "Дил Азык" жана "Maral FM" радиосу. 

Мындан улам "ЖИА" Бизнес-Ассоциациясы түрк элчисинин айткандарына тынчсыздануусун билдирген билдирүү таратты. 

Анда Ассоциация ФЕТОго тиешеси жоктугун белгилеген. 

"16 жыл бою биздин ассоциация саясатка кийлигишпөө принцибин карманып келет, ошондуктан биздин дарекке канчалык жаманаттылар болуп жатса да Түрк Республикасынын саясий системасына каршы чыкпадык. Кыргызстандагы ишкерчиликти сактоо жана өнүктүрүү иши менен алектенген ассоциацияны Түркиянын коопсуздугуна коркунуч келтирет деген түрк элчисинин билдирүүсү чындыкка коошпойт", - дейт "ЖИА". 

Ошондой эле, элчинин билдирүүсүн жалпы кыргызстандыктарды мазактоо катары белгилешкен. 

"Байыркы жана улуу кыргыз элинин салтына ылайык, конок үй ээсин шылдыңдабайт. Ахмет Садык Доган түрк бийлигинин расмий жүзү болуп эсептелинет, катардагы жаран эмес. Кыргыз уюмун террористтик уюмдун бутагы, а Кыргыз Республикасынын жарандарын маңкурт катары сыпаттоо менен элчи дипломатиялык этиканын нормасын бузду", - деп билдирет Бизнес-Ассоциация.