Президент Садыр Жапаров 4-июнда, жакында Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде курал колдонуу менен катталган окуянын жүрүшүндө жаракат алган алган чек ара кызматкерлеринен кабар алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы маалымат таратты.
Өлкө башчысы жоокерлер менен баарлашып, алардын акыбалын сурап, тез арада сакайышын каалады.
Учурда бейтаптар адистердин көзөмөлүндө жана Улуттук госпиталда тийиштүү медициналык жардам алып, бардык зарыл диагностикалык изилдөөлөр жасалды.